ЖМК: Түркмөнстанда тамак-аш тартыш, бийлик аны жашырууга аракет кылууда

Түркмөнстанда азык-түлүк каатчылыгы өкүм сүрүүдө, бардык жерде кадрлар иштен кетирилип, текчелерде тамак-аш азыктары жок калды, бирок бийлик муну жашырууга аракет кылып жатат.

Eurasia Daily басылмасынын маалыматына караганда, Түркмөнстанда бир нече айдан бери кадрлар жапырт иштен кетирилип, улуттук валюта жетишпей, азык-түлүк тартыш болуп жаткан кези.

Текчелерден кумшекер, ун, май, тамеки жана башка өндүрүмдөр жоголду. Дүкөндөрдө кезек күткөндөр көп. Кезекте тургандарды полиция кууп таркаткан учурлар болду.

Окуялардын күбөлөрү элдин топтолгонун тартып албашы үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардан чөнтөк телефондорду жана башка сүрөткө, видеого тарта турган каражаттарды убактылуу алып коюп жатышат. Бул тууралуу Түркмөнстандагы «Азатлык» үналгысы билдирет.

Үналгынын маалыматы боюнча, өлкөнүн бийлиги бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине тартыш товар үчүн кезекте турууга тыюу салууда.

«Бизге тартыш товарлар үчүн кезекке турбагыла деп буйрук беришти. Жетекчилик кезекте турганы байкалгандар иштен айдалаарын эскертти», — деди «Азатлыкка» башкалаадагы медициналык борборлордун биринин кызматкери.

Түркмөнстандын айрым жерлеринде тартыш товарларды сатып алыш үчүн жергиликтүү тургундар кезекке бир ай мурун жазылышууда. Мындан тышкары, сатып алына турган товардын саны да чектелүү.

Мисалы, мамлекеттик дүкөндөрдө бир кишиге ондон ашык жумуртка сатылбайт. Соода министрлигинин дүкөндөрүндө бир кишиге бир килограмм ашык кумшекер сатпаганга кеңеш берилет.

Базарларда жана коммерциялык дүкөндөрдө бул өнүмдөр бир канча эсе кымбат турат, бирок киши башына сатуу жагынан чектөө жок.

Тамекинин сатылышы эң чоң мүшкүл болууда. Мамлекеттик дүкөндөргө ал туруктуу келип түшпөйт, ал эми жеке компаниялар менен фирмаларга тамеки сатууга тыюу салынган. Чылымдын баасы «көмүскө базарда» кутучасына 30 манат турат (600 сомго жакын). Кээде бир кутучанын баасы $14 долларга (1000 сомго) чейин жетиши мүмкүн.

Fergana News кабар агенттигинин маалыматына караганда, азык-түлүк үчүн кезектерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери турушат. Алар кезектерди эч ким тартып алып, элге таратпашына көз салышууда.

Бийликтин аракети

Түркмөнстандын мамлекеттик жана жергиликтүү ЖМКлары тамак-аш тартыштыгын кеп кылбайт. Өкмөт азырынча өлкөдөгү кырдаал жөнүндө расмий билдирүү тарата элек.

Өкмөт кабыл алган расмий чаралардын катарында 7-декабрда күчүнө кирген «Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы болду. Мыйзам калкты айыл чарба өндүрүмдөрү, балык жана башка азык-түлүк менен камсыз кылууну караштырат.

Түркмөнстандын бийлиги 2016-жылы экономика өнүккөнүн да билдирди. Өкмөттүн маалыматына караганда, ички дүң өндүрүм (ИДӨ) быйыл 6,2 пайызга өскөн.

Эң жакшы өнүккөн экономика тармактары катары соода, айыл чарбасы, транспорт жана тейлөө тармагы аталган.

Өкмөт өлкөдө туташ жумушсуздук бар экенин моюнга албайт жана бул тууралуу статистикалык маалыматтарды жарыкка чыгарбайт.

Мамлекеттин азыркы башчысы, ошондой эле 2017-жылда өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары аттанган Гурбангулы Бердымухаммедов шайлоо алдындагы сөзүндө «бардарчылык жана азык-түлүктүн арзанчылыгы үчүн койлордун, бодо малдын жана канаттуулардын санын арбытууга», өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкын иш менен камсыз кылууга убада берген.

Сүрөт: «Азатлык»
Видео: «Настоящее время»