Алай: Милиционерлер прокуратурада кесиптешинин суракка алынышын үзгүлтүккө учуратышты

Ош облусундагы Алай райондук ИИБнин кызматкерлери пара алуу боюнча сурак берип жаткан кесиптешин прокуратурадан күч менен алып чыгып кетишкен. Учурда бардык милиционерлерге карата кылмыш иши козголду.

Болжолдуу 15-20 милиционер 30-декабрда кесиптеши прокуратурада сурак берип жаткан учурда кирип барышкан. Сурак берип жаткан милиция кызматкери пара тооруду деп жеке коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалган.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, тергөөчү милиция пара алып жатканда кылмыш үстүндө кармалган.

Биринчи аны жергиликтүү РИИБнин имаратында суракка алууну каалашкан, бирок милиционерлер алгачкы тергөө ишине тоскоолдук жаратышкандыктан улам процессти прокуратуранын имаратында улантууга туура келген.

Милиция кызматкерлерине карата Ош облустук прокуратурасы «Кызмат абалынан ашыкча пайдалануу», «Тергөө иштерин жүргүзүүгө тоскоол болуу» жана «Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү» беренелери боюнча иш козгоду.

Милиционерлердин өзү менен материал жарык көрүп жаткан учурда байланышууга мүмкүн болгон эмес.

Сүрөт: Табылды Кадырбеков/Sputnik