Грециянын элчиси Бразилияда өлтүрүлдү. Эмне белгилүү?

Греция элчиси Кириакос Амиридис дайынсыз жоголуп, кийинчерээк күйүп кеткен автомобилден денеси табылган. Анын өлүмү үчүн Бразилиянын полиция кызматкери айыпталууда.

Грециянын Бразилиядагы элчиси Кириакос Амиридис 26-декабрда дайынсыз жоголгон. Ал Бразилиа шаарынан Рио-де-Жанейрого жубайынын үй-бүлөсү менен жаңы жылды тосуу үчүн жолго чыккан эле.

Шаршемби күнү 28-декабрда элчинин жубайы Француаза Амиридис жолдошу жоголуп кеткенин полицияга кабарлаган. Жубайлар 15 жыл чогуу жашап, алардын он жаштагы кызы болгон.

Кийинки күнү Рио-де-Жанейронун чет жакасындагы эстакадалык көпүрөнүн астынан күйүп кеткен автомобиль жана ичинде белгисиз адамдын сөөгү табылган. Экспертизадан кийин бул грек элчиси болгону аныкталган.

Машина посла. Фото: BBC
Элчинин машинасы. Сүрөт: BBC

Полиция өлтүргөн адамды 30-декабрда тапкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, элчи өз батиринде полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөн. Полиция кызматкери элчинин жубайы Француаза Амиридистин ыктымал ойношу болгон. Киши колдуу болгондон кийин сөөк ижарага алган машинага салынып өрттөлгөн. Элчинин батиринде кандын издери калган.

Полиция кызматкери Серджио Гомес Морейра Фильо дипломатты өлтүргөнүн мойнуна алган. Француаза Амиридисти полиция кызматкери жана анын жээни менен кошо камакка алышкан.

Тергөөчү Эваристо Магаладастын ишендиришинче, элчини өлтүрүү алдын ала пландаштырылган. Полиция кызматкери сөөктү жашырууга жардам бергени үчүн өз жээнине 25 миң доллар убада кылган.

Бразилиянын президенти Мишел Темер элчинин үй-бүлөсүнө жана Грециянын элине көңүл айткан. Грециянын элчилиги эч кандай комментарий бере элек.

Кириакос Амиридис Грециянын Бразилиядагы элчиси болуп 2016-жылдын башында дайындалган. Ага чейин Амиридис Ливияда төрт жыл элчи болуп иштеген жана Грециянын Рио-де-Жанейродогу консулдугунда 2001-2004-жылдары эмгектенген.

Сүрөт: The Times