Активист Садыбакасовдун көчө көрнөктөрү алынган жок

Жарандык активист Атай Садыбакасов орноткон жол белгилери азырга чейин ордунда турат. Мурда мэрия Садыбакасовдун көрнөктөрүн алып, ага штраф салаарын айткан болчу.

Активист Атай Садыбакасов 13нөн 14-декабрга караган түнү Бишкектин ар кайсы бөлүгүндө көчөлөрдүн аты жазылган көрнөктөрдү илип чыккан. Ал мунун баарын өз каражатына орноткон. Мэрия активист оноткон жол белгилер мамлекеттик стандартка туура келбегендиктен улам алып таштоону убадалаган. Анткени жол белгилерине эч нерсени айкалыштырууга болбойт.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык кызматынын начальниги Мирлан Амантуров жөн гана көрнөктөрдү алуу менен чектелбей, активисттин өзүнө да штраф салына турганын айткан.

Айрым жол белгилери чындыгында алынган. Бул үчүн мэрияга коомдук желелердин колдонуучуларынын сын пикири жааган.

Калган көрнөктөр декабрь ичи алынган эмес. 1-январдын таңына карата алардын баары ордунда эле турат.

15540943_10157867734860290_3310305292302938948_o

Мэрия эмне үчүн көрнөктөрдү албаганы боюнча Kloop.kgнин журналисти декабрь ичи мэрияга жана ички иштер министрлигине бир канча жолу кайрылган.

Мэриянын басма сөз борборунун башчысы Гуля Алмамбетова бул учурда ИИМге кайрылуу керектигин айткан.

«Бул боюнча чындыгында мэрия эч нерсени чечпейт. Биз патрулдук милициянын уруксатысыз эч нерсе кыла албайбыз. Бул менен патрулдук милиция башкармалыгы алектенет, аларга кайрылыш керек», — деген Алмамбетова.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкерлери болсо активисттин көрнөктөрү боюнча мэрия жооп берээрин айтышкан.

15403730_10157867735160290_3040951618897551050_o

Активист Атай Садыбакасов орноткон көрнөктөрүнүн келечеги кандай болоорун өзү да билбей турат.

«Өзүм да билбейм. Бул боюнча эч ким байланышкан жок, убадаланган штрафты күтүп олтурам. Бирок кандайдыр бир чечимге биз келсек керек, анткени конструктивдүү болбой жатат. Ким билет, балким, мээси бар бирөө калып, кичине күтө туралы дегендир», — деп жазат Садыбакасов.

Жол белгилер 13үнөн 14-декабрга караган түнү Бишкектин айрым көчөлөрүнө орнотулган. Садыбакасов өз иш аракетин «түнкү партизандык монтаж» деп атаган. Акциянын максаты — тургундардын жана коноктордун шаардын ичинде багыт алуусуна көмөктөшүү болгон.

15420753_10157867634115290_4657610094964188216_n

Садыбакасов мурдагы президент Роза Отунбаеванын уулу. Мындай жарандык акцияларды ал биринчи жолу өткөрүп жаткан жок. Алсак, Бишкек мэриясы 2013-жылы январдын аягында активист 30 миң сомго Жаш Гвардия бульварына орноткон 22 чыракты алдырып салган.

Алып салууга уруксат документтеринин жоктугу расмий себеп болгон. Алынып ташталган активисттин чырактарынын ордуна «Бишкекжарыктын» кызматкерлери активист жумшаган баага жана стандартка туура келген 10 чырак орнотуп коюшкан.

Сүрөт: Атай Садыбакасов, Zanoza

ТЕМА БОЮНЧА: