АКШдан чыгарылган дипломаттар Москвага келишти

Нон-грата персонасы болуп жарыяланган дипломаттар Вашингтондон 2-январда эртең менен кетишти. «Россия» авиакомпаниясынын атайын учагы Орусиянын мекемелеринин 35 кызматкерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Москвага жеткирип келди.

Учактын бортунда болгону 96 киши — дипломаттардын өздөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү болду. Алардын баарына 29-декабрда 72 саат ичинде АКШнын аймагынан чыгып кетүүгө буйрук берилген.

Орусиянын бир катар мекемелерин жабуу жөнүндө жарлыкка АКШнын президенти Барак Обама кол койду. Мындан тышкары, АКШнын каржы министрлиги Орусияга каршы жаңы санкциялар киргизилгенин жарыялады.

Санкцияларга жана дипломаттарды депортациялоого АКШга каршы киберчабуулдар себеп болду, Барак Обаманын администрациясынын пикиринде, алардын артында орусиялык хакерлер турат.

Санкцияларга Негизги чалгындоо башкармалыгы (НЧБ) жана Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК), ЦОР Security компаниялары, «Информатика система конструкторлорунун кесипкөй бирикмеси» өз алдынча коммерциялык эмес уюму жана «Атайын технологиялык борбор» сыяктуу уюмдар туш болду.

Алардын баары Обаманын айтымында Америкада 8-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен киберчабуулдарды материалдык жактан уюштурду деп айыпталууда.

Орусиянын киберчабуулдарга тиешеси бар экенин далилдеш үчүн ошол эле күнү күндүз АКШ орусиялык хакерлердин аракеттери жөнүндө кеңири баяндама жарыялады.

Орусиянын ТИМинин башчысы Сергей Лавров киберчабуулдар тууралуу дооматты «негизсиз» деп, америкалык тараптын санкцияларына жооп катары Орусиядан 35 америкалык дипломатты чыгарып салууну сунуш кылды.

Бирок Орусиянын президенти Владимир Путин симметриялуу жооп жарабайт деп чечип, аны «ашкана дипломатиясынын» деңгээлине чейин түшкүсү келбегени менен түшүндүрдү.

Президенттик жарышта жеңип чыккан республикачы Дональд Трамп Орусия президентинин чечимин «абдан акылдуу» деп эсептээрин айтты АКШ Конгресси өз кезегинде Дональд Трамптын позициясына карабастан Орусияга каршы санкцияларды колдоп тура берүүгө убада берди.

ТЕМА БОЮНЧА: