Сүрөттөр: Бишкек жаңы жыл тоскон түндүн эртеси

Ошентип жаңы жыл да кирип келди. Биз жаңы жылдын алгачкы күнүндө шаарды аралап, Бишкек майрамдан кийин кандай көрүнгөнүн сүрөткө тартып алдык.

Майрам улантылууда

Айрым шаардыктар жана башкалаанын меймандар үчүн майрам дагы эле уланып жатат. Эл Ала-Тоо аянтында сейилдеп, аниматорлор алардын көңүлүн ачууда. Ал тургай аянтта адаттагыдан эл көп.

Аяз атанын иши бир түн менен бүтпөйт.
Кучер менен карета силерди жакынкы аялдамага чейин жеткирип коет.
Жаңы 2017-жылдын символдору сүрөтүңөрдү кооздогогонго даяр.
Аянт адаттагы жашоосун жашап жатат. Баары ордунда — өткөн-кеткен эл, кайырчылар, фотографтар.

Ээн шаар

Аянт адаттагыдай ыргак менен жашап жатса, шаардын калган бөлүгү тымтырс. Көчөлөр тыгындан арылып, тротуарлар бош, дүкөндөр жабык турат.

Адатта киши көп өткөн Чүй жана Тынчтык проспектилеринин кесилиши азыр ээндеп, жаздагыдан бетер кары жок жатат.
Кайда барсаң да жабык эшиктерге туш болосуң. Эл дагы эле майрамдап, эс алып жатат.
Же бул инфляция, же акча алмаштырган күркөлөр соо эмес.
Шаарда жалпы эле Жабык эшик күнү.
Эми шаардын кайсы жерине болсо да унаа токтото берсе болот.

Тойдун эртеси

Бул баяндамабыздын эң жагымсыз жагы болот окшойт. Шаардыктар менен башкалаанын меймандары тазалыктын маанисин дагы эле түшүнбөйт экен. Шаардын баарында таштанды жатат — арасында момпосуйдун тышынан тартып шампандын шишесине чейин бүт бар.

Жаң жылдык отуруштан калганы.
Фейерверктер асманга көрк кошсо да, жерге көрк кошо албай калды.
Ичкилиги жок майрам да майрамбы?
Момпосуйдун тышы — шаардын көчөлөрүндө жаткан буюмдардын эң зыяны жогу.
— Салют! — Силерге да бонжур!

 

Айтмакчы, Кыргызстандын көчөлөрүндө ичкилик ичкенге тыюу салынган.
Шаардын урналары толуп чыкты.