КР ТИМи: Стамбулдагы террордук чабуулга кыргызстандык жарандын катышуусу күмөн

First aid officers carry an injured woman at the site of an armed attack on January 1, 2017 in Istanbul. At least two people were killed in an armed attack Saturday on an Istanbul nightclub where people were celebrating the New Year, Turkish television reports said. / AFP PHOTO / IHLAS NEWS AGENCY / IHLAS NEWS AGENCY

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандын Стамбулдагы террордук чабуулга тиешеси тууралуу маалымат «чындыкка туура келбейт» деп билдирди. Мурда түрк ЖМКлары террордук чабуулдун уюштуруучусу кыргызстандык же өзбекстандык жаран болушу мүмкүн экенин кабарлашкан.

Кыргыз ТИМинин өкүлү Айымкан Кулукуева мекеме Стамбулдагы консулдукка «Рейна» клубуна куралдуу кол салууга кыргызстандыктын тиешеси тууралуу маалыматты текшерүүнү табыштаганын «Интерфакс» маалымат агенттигине билдирди.

«Алдын-ала маалыматтарга караганда, бул кабар чындыкка туура келбейт, бирок биз аны баары бир текшерип атабыз», — деди ал.

Кечээ кечинде, 2-январда, «CNN Turk» телеканалы түрк укук коргоо органдарынын маалыматына таянуу менен кол салган киши Кыргызстандын же Өзбекстандын жараны болушу мүмкүн экенин билдирген.

Стамбулдун полициясы 12 кишини кармап, элүүдөн ашуун кишини суракка алды. Алардын айтымында, азыр алардын колунда негизги шектүү кишинин сүрөтү жана манжаларынын издери бар.

«Ассошиэйтед пресс» маалымат агенттиги болжолдуу террорчуну колго түшүрүү боюнча атайын операциянын алкагында полиция азырынча эч кимди кармай албай жатканын билдирди.

«Рейна» түнкү клубуна жаңы жылга караган түнү чабуул коюлган — белгисиз адам кире бериште турган полиция кызматкерлерин жана күзөтчүлөрдү атып салып, андан кийин имараттын ичине кирип барып, кардарларга ок атып кирген.

Террор маалында клубда жүздөгөн киши жүргөн. Жалпысынан кол салуунун айынан 39 киши каза таап, 60 адам жарадар болгон. Киши өлтүргүч полиция келгиче кылмыш болгон жерге куралын калтырып изин жашырып кеткен.

Киши колдуу болгондордун арасында 16 чет элдик адам — Орусиянын, Израилдин, Сауд Аравиясынын, Марокконун, Ливандын жана Ливиянын жарандары болуп чыкты.

Террордук аракеттин жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму өзүнө алды.

ИГИЛдин жоочулары тараткан билдирүүдө «халифаттын аскери христиандар бутпарастык майрамды майрамдап жаткан клубга кол салганы» айтылат.

ИГИЛ — бир нече өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп табылган уюм.

ТЕМА БОЮНЧА: