Стамбулдагы террордук чабуул койгон кишини төрт күндөн бери издеп жүрүшөт. Эмне белгилүү?

Белгисиз киши 1-январга караган түнү Стамбулдагы «Рейна» клубунун кардарларына ок атып, натыйжада 39 киши курман болгон. Киши өлтүргүчтү издөө улантылууда, полиция аны Борбор Азиядан келген деп эсептейт. Террордук чабуулду иликтөө боюнча эмне белгилүү?

Кыскача:

  • Стамбулдагы түнкү клубга кол салуу 1-январга караган түнү болгон. 39 киши өлүп, 60тай киши жарадар болду. Террордук чабуулга тиешеси бар деген шектенүү менен Стамбулдун полициясы 12 кишини кармады;
  • Түрк укук коргоо органдары кол салган киши Кыргызстандын же Өзбекстандын жараны деп билдирди. Түйүндө шектүү кишинин сүрөтү пайда болду;
  • Түрк ЖМКлары полициядагы маалымат булагына таянуу менен кыргызстандык Яхъе Машраповду террордук чабуулга айыптуу деп жазып чыгышты;
  • Машрапов түрк ЖМКлары тараткан маалыматты төгүнгө чыгарды. Кылмыш учурунда ал Түркияда болгон эмес. Түркиянын жана дүйнөнүн басылмалары анын террордук чабуулга катышканын төгүндөгөн материалдарды чыгарышты;
  • Стамбул полициясы Зейтинбурну жана Аксарай райондорунда Борбор Азиядан келген мигранттарды текшерүүдө, бир нече киши камалды. Жалпысынан террордук чабуул боюнча шектенүү менен Стамбулдун ар кайсы райондорунда 16 киши камакка алынды.

Кененирээк:

31-декабрдан 1-январга караган түнү белгисиз бирөө Стамбулдагы «Рейна» түнкү клубунун кардарларына кол салган. Чабуулдун натыйжасында 39 киши өлүп, 60ка жакыны жарадар болгон. Курман болгондордун арасында 16 чет элдик жаран — Орусиянын, Израилдин, Сауд Аравияснын, Марокконун, Ливандын жана Ливиянын жарандары болуп чыккан. Террордук чабуулдун жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» террордук уюму өзүнө алган.

Жаң жылдык түндөгү террордук чабуул Түркияда өзгөчө кырдаал режимин дагы үч айга узартууга себеп болду. Бул режим өлкөдө июлда, ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген.

Киши өлтүргүч кылмыш кылган жерден изин жашырып кетти

Сүрөт: Reuters

Стамбулдун бийлиги окуяны террордук чабуул деп атады. Дүйнөлүк ЖМКлар киши өлтүргүч Аяз Атанын кийимин кийип алганын кабарлашты. Бирок Түркиянын премьер-министр Бинали Йылдырым бул маалыматты четке какты.

Анын айтымында, киши өлтүргүч кадимки эле кийим кийип келип, кылмыш кылган жеринен тополоңдо изин жашырып кеткен, бирок кылмыш ордунда куралын таштай качкан.

Түркиянын ЖМКлары кыргызстандык жаранды шектүү деп аташты

Түркиянын полициясы кол салууга жооптуу киши Кыргызстандын же Өзбекстандын жараны мүмкүн болушу экендигин билдирди. 1-январда шектүүнүн сүрөтү түйүндө пайда болуп, бирок эртеси күнү аны алып салышты. 2-январда түрк ЖМКлары экинчи шектүү жарандын сүрөтүн жарыялашты.

Алардын пикиринде, ал Стамбулга аялы жана балдары менен келген кыргызстандык жаран. Түрк полициясынын баамында, экинчи шектүү — кол салуучуну чала-була тартып калган «Рейна» клубунун камерасына түшүп калган киши.

Кыргызстандын ТИМи Түркиянын дооматына жооп кылып, маалымат чындыкка туура келбей тургандыгын билдирди.

Кыргыз ТИМинин өкүлү Айымкан Кулукуева «Интерфакс» маалымат агенттигине жооп берип жатып мекеме Стамбулдагы консулдукка «Рейна» клубуна куралдуу кол салууга кыргызстандык жарандын тиешеси бар-жогу тууралуу маалыматты текшерүүнү табыштаганын айтты.

«Алдын-ала маалыматтарга караганда, бул жаңылык чындыкка туура келбейт, бирок биз аны баары бир текшерип жатабыз», — деди ал.

Түрк телеканалдары, алардын артынан дүйнөлүк ЖМКлар да 3-январь күнү эртең менен кыргызстандык Яхъе Машраповдун паспортунун сүрөтүн жарыялап, террордук чабуул койгон деп чыгышты. Түрк басылмалары полициядагы маалымат булагына таянышкан.

Кыргызстандык жаран өзүнүн тиешеси бар экенин танууда

Ошол эле күнү кечинде Машрапов кыргыз журналисттери менен байланышка чыгып, түрк ЖМКларынын билдирүүсүн жокко чыгарды. Анын айтымында, террордук чабуул учурунда ал Кыргызстанда жүргөн.

Солдо - Стамбулдагы террордук чабуул боюнча шектүү киши. Оңдо — кыргызстандык Яхъё Машрапов.

«Мен террордук чабуул боюнча шектүү кишини билбейм жаа менин паспортумдун сүрөтү кантип Интернетте болуп калганын түшүнбөйм. Өзүм Кара-Суудан болом. 2011-жылдан бери Кара-Суудагы «Туратали» базарында соода кылам. Террордук чабуул болгондо, 31-декабрда мен Кыргызстанда элем. Мен Түркиядагы террордук чабуулга эч кандай тиешем жок. 2011-жылдан бери Стамбулга иштерим менен барып соода кылам», — деди ал.

Кыргыз атайын кызматтарына сурак берип жатканда Машрапов чын эле Стамбулда болгонун, бирок ал жакка террордук чабуулдун эртеси барганын айткан.

Анын айтымында, ал клубга кол салган кишиге окшош болгондуктан аны түрк полициясы суракка алган. Машрапов полиция аны көп кармап койгону үчүн кечирим сурап, андан соң ал Кыргызстанга кайтып келгенин айтат.

«Анын айынан Бишкекке кеткен учакты бир саат кармашты. Мага мени жаңы жылдык түндөгү террордук чабуулга байланыштуу суракка алышканын түшүндүрүштү, мен сүрөттөгү кылмышкерге бир аз окшош экенимди айтышты, кечирим сурап, учакка узатып коюшту», — деди ал.

Машраповдун маеги жарык көргөн соң дүйнөлүк жана түрк ЖМКлары мурдагы дооматтарына төгүндөө жарыялашты.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун айтымында, Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым түрк ЖМКларын туура эмес маалыматы үчун сынга алып, аларга көңүл бурбоону өтүнгөн..

Түрк полициясы мигранттарды текшерүүдө

Сүрөт: AP /Halit Onur Sandal

Иликтөөнүн жүрүшүндө Стамбулда рейддер жана тинтүү жүрүп, атап айтканда Борбор Азиянын тургундары жашаган Аксарай жана Зейтинбурну райондору текшерилүүдө.

Түркиянын Hurriyet гезитинин маалыматы боюнча, полиция бери дегенде сегиз даректе тинтүү жүргүзүп, бир нече мигрантты камакка алды. Ошол эле басылманын маалыматына караганда жалпысынан террордук чабуул боюнча шектенүү менен 16 киши камалды. Камалгандардын жарандыгы белгисиз.

Тинтүү жана жарандыкты текшерүү жүрүп жатканын «Азаттык» үналгысынын өзбек редакцияс «Озодлик» да жазууда.

«Евроньюс» телеканалынын маалыматы боюнча, полиция жана ЖМК сүрөтүн жана видеосун тараткан экинчи шектүү жарандын аялы да колго түштү.

4-январда Түркиянын бийлиги Стамбулдагы клубда ок аткан кишинин оздүгү аныкталганын билдирди. Бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат ачык айтылбайт.

ТЕМА БОЮНЧА: