Түркия: Полиция Борбор Азиядан барган мигранттарды текшерүүсүн күчөттү

Turkish police officers block the road leading to the scene of an attack in Istanbul, early Sunday, Jan. 1, 2017. An assailant believed to have been dressed in a Santa Claus costume opened fire at a crowded nightclub in Istanbul during New Year’s celebrations, killing dozens and wounding many others in what the province’s governor described as a terror attack. (AP Photo/Halit Onur Sandal)

Стамбулдун Борбор Азиядан баргандар көп жашаган Зейтинбурну жана Аксарай райондорунда полициянын текшерүүсү күч алды. Полиция мигранттарды Стамбулдагы «Рейна» клубунда 31-декабрда террордук кол салуу болгондон кийин текшере баштады. Клубдун 39 кардарын өлтүрүүдө кыргызстандык же өзбекстандык жарандар шектелип жатат.

Стамбулдун «Рейна» түнкү клубундагы каргашадан кийин түрк полициясы Зейтинбурну жана Аксарай райондорун катуу текшерип жатат. Борбор Азиядан барган мигранттардын документтери текшерилип, өздүгү аныкталууда.

Зейтинбурнуда Борбор Азия республикаларынан барган мигранттардан тышкары, Түркиянын Ван провинциясынан келген кыргыздар да жашайт. Алардын баары памирлик кыргыздардын тукумдары жана Түркиянын жарандары болуп эсептелет.

Түрктөрдүн Hurriyet басылмасы шектүү кишини издеген түрк полициясы Зейтинбурну жана Аксарай райондорунда жок эле дегенде сегиз даректи текшерип чыкканын жазды. Бир нече киши кармалган.

Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, Стамбулдагы түнкү клубга кол салуу боюнча шектенүү менен 16 киши кармалды, бирок алардын жарандыгы тактала элек.

Террордук чабуулга шектүү деп акыркы жолу кыргызстандык Яхъе Машрапов эсептелген. Анын паспортунун сүрөтү Стамбул полициясындагы маалымат булагына таянуу менен түрк жана дүйнө ЖМКларында жарык көргөн. Бирок ал жаңылык жалган болуп чыкты.

Солдо — Стамбулдагы террордук чабуулга шектүү. Оңдо — кыргызстандык Яхъё Машрапов.

Яхъе Машрапов кыргыз журналисттери менен байланышка чыгып, түрк журналисттеринин дооматтарын төгүнгө чыгарды. Кыргызстандыктын алибиси бар, анткени террордук чабуул учурунда ал Кыргызстанда болгон.

Яхъе Машраповдун сүрөтү шектүү кишинин түрк ЖМКлары тараткан үчүнчү сүрөт болуп эсептелет. Түркиянын жана дүйнөнүн ЖМКлары Машрапов кылмышкер экендигине төгүндөмө чыгарышты. Террордук чабуул койгон кишини издөө улантылууда.

«Рейна» түнкү клубуна кол салуу жаңы жылга караган түнү болгон: белгисиз адам кире бериште турган полиция кызматкерлерин жана күзөтчүлөрдү атып салып, андан кийин имараттын ичине кирип барып, кардарларга ок атып кирген.

Террор маалында клубда жүздөгөн киши жүргөн. Жалпысынан кол салуунун айынан 39 киши каза тапкан. Киши өлтүргүч полиция келгиче кылмыш болгон жерге куралын калтырып изин жашырып кеткен.

Террордук аракеттин жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму өзүнө алды. ИГИЛ — бир нече өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп таанылган уюм.

«Ислам мамлекети» Иракта жана Сирияда «халифат куруу» боюнча иш жүргүзөт. Уюм өз душмандарына жана туткундарга карата таш боордугу менен белгилүү, ал элдин көзүнчө өлүм жазасына тартып, жапырт киши өлтүрөт.

Сүрөт: AP/Halit Onur Sandal

ТЕМА БОЮНЧА: