Кыргызстандык жаран 10 күн Тажикстанда туткун болгон. Эмне белгилүү?

Кыргызстандык Акжол Калбаевди мурдагы ишкер өнөктөштөрү Тажикстанда бир жумадан ашуун туткунда кармашкан. Анын өмүрү үчүн туугандарынан 23 миң доллар талап кылышкан.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну Акжол Калбаев Тажикстандагы досунун чакыруусу менен Хожентке барган.

«Мен ал жакка 14-декабрда барганымда ал уулу экөөлөп мени барымтага алышты. Колу-бутумду кескилеп, 10 күн бою кыйнашты. Мени бошотуш үчүн үй-бүлөмдөн 23 миң доллар талап кылышты», — деди ал «Спутник» маалымат агенттигине курган маегинде.

Калбаев конокко чакырылганда эч нерседен шек санабай эле барганын, анткени аны менен 2011-жылдан бери достук мамиледе болгонун айтып берген. Алар ишкерлик боюнча өнөктөш болушкан.

«Набиев Набижан Абдурахманович менен 2011-жылдан бери таанышып, достошуп калганбыз. Мен аны бир күн бою Ош шаарын кыдыртып, Сулайман-Тоого алып чыгып, эс алдыргам. Үйүмө жатып кеткен. Мен деле Тажикстанга барып жылкы сатып келгенимде, ал балдары менен мага жардам берип жүрдү. Кийин уулу үйлөнгөндө, кызы күйөөгө кеткенде чакырды, ал жакка бардык, кыскасы жакын болуп жүрдүк. Ошондон бери үй-бүлөлүк катышыбыз бар», — деп айтып берген Калбаев «Азаттык» үналгысына.

Кыргызстандык жаран өз автоунаасын өнөктөшүнө сатканы Тажикстанга барган. Келишим түзүлгөндөн кийин өнөктөшү Калбаевди үйүнө чакырган. Калбаев менен кошо аты айтылбаган дагы бир киши конокко чакырылган.

Үйдөгүлөр конокторду байлап салышкан. Калбаевдин айтымында, киши уурдагандар экинчи мейманды «жаман видеого» тартып, анан аны коё беришкен. Эгерде ал милицияга кайрылса видеону интернетке чыгарабыз деп коркутушкан.

Кыргызстандык жаранды болсо кыйнап, жакындары акча жиберген соң Ооганстанга кулдукка сатып жиберээрин айтышкан. Акжол Калбаевдин айтымында, киши уурдагандардын үстүнөн Тажикстандын УКМКсына Фархад аттуу тажик ишкери арызданган. Барымта акысы ошонун банктагы эсебине келип түшмөк.

Уурдалган кыргызстандык жаран барымтачылар Фархадды да коркутуп, аны киши уурдоо боюнча айыптамак болушканын айтат.

«Фархадды мени алып келгендей эле алып келишти, аны да коркутушту, мени менен сүрөткө тартышты, анан күнөөнү ага оодарып салышмак», — деген Калбаев.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин консулдук кызматынын жетекчиси Сардар Мусакеев Акжол Калбаевдин жоголгону тууралуу УКМКга анын жакындары арызданышканын айтып берди.

Кыргызстандын Дүйшөмбүдөгү элчилигинин кеңешчиси Тагинбек Кочкорбаевдин айтымында, Акжол Калбаев кыргыз дипломаттарынын ортомчулугу менен 29-декабрда Тажикстандын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан бошотулган.

Тажикстандын МКК кызматкерлери Акжол Калбаевди анын туугандарына 30-декабрда өткөрүп беришкен.

Азыркы тапта Калбаев Оштогу ооруканада жатат, анын абалы канааттандырарлык.

Киши уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Киши уурдагандар кармалды

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында милиция Набижан Набиевди жана анын уулун колго түшүргөн. Алар кыйноо, адамды мыйзамсыз эркинен ажыратуу жана опуза талап боюнча шектенүү менен кармалган. Бул тууралуу «Озоди» үналгысына Тажикстан ИИМиндеги аты-жөнүн айткысы келбеген маалымат булагы билдирген.

Расмий түрдө Набижан Набиевдин жана анын уулу Хакимдин кармалганы Тажикстандын ички иштер министрлиги тарабынан ырастала элек.

Кармалган Набижан Набиев Тажикстанда «Таджирон» компаниясына ээлик кылган, кийин Ошто жүк ташуучу «Голд тур Транс» компаниясын ачкан.

Калбаев фирманын Оштогу филиалынын жетекчиси болгон.

Сүрөт: Азаттык