Бир айдан ашуун убакыттан бери активист Ильдар Дадиндин достору жана туугандары анын каякта экенин билишпейт. 2,5 жылдык колонияга соттолгон Дадин декабрдын башында эле колониядан белгисиз тарапка этапка жиберилген.

Активист Ильдар Дадин макулдашылбаган нааразылык акциясына чыкканы үчүн камалып, 2,5 жылга эркинен ажыратылган. Өз мөөнөтүн ал Карелиядагы Сегежа шаарында өтөмөк.

Бир айдан көбүрөөк убакыт мурда Дадинди поездге отургузуп, жаза өтөй турган жайына алып барышмак. Ошондон бери активисттин жакындары анын каякта экенин билишпейт.

Аны ташыган Федералдык жаза аткаруу кызматы анын турган жерин айтуудан баш тартып жатат.

Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Татьяна Москалькова 9-10-январда Дадин жаза өтөй турган жерине жеткирилет дейт. Активист каякка жеткирилээри так айтылган жок.

Жеткиргенге бир ай

Ильдар Дадин пикетке катышканы үчүн камалган. Сүрөт: Факты

Акыркы жолу Дадин декабрдын башында байланышка чыккан. Өз катында ал Вологда шаарындагы өткөөл пунктта турганын кабарлаган.

Кечээ 5-январда Федералдык жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Валерий Максименко Зотовага анын күйөөсү башка (кайда экени айтылбаган) колонияга 2 күн ичинде которулаарын айткан.

Максименконун айтымында, бир ай бою Дадин «поездде кетип баратат», ал жактан аны «душка түшүп, Жаңы жылга карата сорпо ичип алсын деп» түшүрүшкөн.

«Адам укуктарын колдоо» кыймылынын башчысы Лев Пономарев «Азаттык» үналгысы менен курган маекте азыркы заманда адамды бир жактан экинчи жакка ташып барыш үчүн бир ай керек болоорунан күмөн санаганын айтты.

«Азыркы заманда кишини бир жакка жеткириш үчүн бир ай керекпи? Бул бир аз жапайы көрүнүш. Ал Вологдадан кат жазбадыбы, кат почта менен келбедиби, эмне үчүн ага жолдон телефон чалганга же дагы бир жолу кат жазганга уруксат беришкен эмес? Мен эмне болгонун түшүнбөй жатам. Кандайдыр жийиркеничтүү жашыруун сыр анын жакындарын кабатыр кылып жатат», — деди ал.

Жоголуп кеткен активистти издөө боюнча коомдук түйүндөрдө акция башталды. #ГдеИльдарДадин деген хештэг менен укук коргоочулар, журналисттер жана жарандар жоголуп кеткен активист кайда экенин билиш үчүн нааразылык акциясын башташты.

Ильдар Дадин эмне үчүн соттолгон?

Активист Москванын Басман соту тарабынан «180 күн ичинде экиден көп жолу көчө акцияларын өткөрүү эрежесин бузганы» үчүн соттолгон.

Бул берене Орусиянын Кылмыш кодексине 2014-жылы киргизилген. Дадин азырынча Орусияда ал боюнча соттолгон бирден-бир адам.

Ильдар Дадин нааразылык акцияларынын биринде. Сүрөт: Газета.ру

Активисттин күнөөсү — бир нече жолу «макулдашылбаган» нааразылык акцияларына катышканында. Биринчи жалгыз пикетин Дадин 2014-жылдын 6-августунда «Саздак аянттагы» фигуранттарды коргош үчүн өткөргөн. Андан кийин ал өкмөткө каршы дагы үч митингге катышкан.

Алардын акыркысында, 5-декабрда, ал дагы жети активист менен кошулуп алып Владимир Путиндин саясатына каршы чыгышкан. Алар Мясницкая көчөсүн жаап, «Кечээ — Киев, бүгүн — Москва» деген ураан көтөрүп чыккан.

Ильдар Дадин 2,5 жылга эркинен ажыратылып, Карелиядагы колонияга жөнөтүлгөн. Ал жерден ал адвокатка колония кызматкерлери аны кыйноого алып, өлтүрөөрүн айтып коркутушканы тууралуу даттанган.

Дадиндин аялы, журналист Анастасия Зотова Карелиянын колонияларындагы кыйноо тууралуу коомдук түйүндөрдө жазып жүргөн. Анын жазгандары резонанс жаратып, андан соң Федералдык жаза аткаруу кызматы (ФЖАК) колонияда текшерүү баштаган.

Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө ФЖАК Дадинге карата зомбулук тууралуу маалымат тастыкталбаганын жана ойдон чыгарылганын билдирген. Антсе да натыйжада активистти аты айтылбаган колонияга «жеке коопсуздугун камсыз кылуу максатында» жеткирүү жөнүндө чечим кабыл алынган.