Аялды баласынын көзүнчө зордуктаган таксист төрт жылга кесилди

Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын жай мезгилинде таксист бир аялды анын баласынын көзүнчө зордуктап салган болчу. Бул ишти ошол кезде ички иштер министри жеке өзүнүн көзөмөлүнө алган. Зордукчуга карата натыйжада өкүм чыгып, 20 жылдын ордуна ал төрт жылга эркинен ажыратылган.

Зомбулук көрсөткөн таксистке карата козголгон кылмыш ишине ылайык, ал 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылмак. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси боюнча соттолушу керек болчу — «Жабырлануучуга же башка адамдарга психикалык жана кара күч зомбулугун көрсөтүү, [...] жабырлануучунун каалоосуна жана эркине каршы жыныстык катнашта болуу».

Бул берене боюнча жазанын эң аз мөөнөтү 15 жылга эркинен ажыратуу. Тоң райондук соту башка чечим чыгарып, зордукчуну төрт жылга кескен.

Учурда жабыр тарткан аял бул чечимиди даттанып арыз жазабы-жокпу азырынча белгисиз.

Кылмыш иши 29-июлда, беш жашар баласы менен аял Балыкчыдан Бишкекке келе жатканда болгон. Жолдо айдоочу тоо тарапка айдап, күч колдонуу менен аялды баласынын көзүнчө зордуктап койгон.

«Ал менин кийимимди чечип, зордуктап салды. Менин беш жаштагы балам анын баарын көрүп, унаанын ичинде кыйкырып турду. Андан соң тигил баламды унаадан түшүрүп, укук коргоо органдарына кайрылсам өлтүрүп сала турганын айтып коркутуп туруп кетип калды», — деген ал.

Жабыркаган аял дароо эле укук коргоо органдарына кайрылып, кылмышкер болсо кийинки күнү кармалган.

«Заноза» басылмасына курган маегинде аялдын билдиришинче, зомбулук көрсөткөн айдоочунун туугандары ага пара берүүгө аракет кылып, анын туугандарын коркуткан. Ошол кезде ИИМдин башчысы болуп турган Кашгар Жунушалиев бул ишти өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган.