КУУнун мурдагы кызматкерлери университетти 12 миллион сом уурдоо боюнча айыптап чыгышты

Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) жаштар департаментинин кызматкерлери университеттин жетекчилигин коррупциянын «өнүгүп жатканы» боюнча айыптап чыгышты. Университет айыптоолорго макул эмес.

КУУнун кызматкерлери 5-январда берген басма сөз жыйынында университетти бюджетти коротуу боюнча айыпташты. КУУнун жетекчилигинин айтымында, кызматкерлердин бир бөлүгү университетке эч кандай тиешеси жок, алар 31-декабрда иштен айдалган.

КУУнун жаштар иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Уларбек Бакырдинов жатаканалардын «адам ыйлагыдай, начар абалда» экенине арызданып, студенттерден алынган каражаттарды университет жатакана үчүн максаттуу пайдаланышынан шек санаган.

«Жалаң гана жатаканалардан университеттин кассасына жыл сайын 16 миллион сом түшөт. Ал 16 миллиондун ичинен 4 миллиону жалаң коммуналдык тейлөөнүн акысына жумшалат. Калган 12 миллион кайра жатаканалар үчүн жумшалбайт», — деп билдирген ал басма сөз жыйынында.

Кыргыз-европа факультетинин деканынын орун басары Ызатбек Береналиевдин айтымында, басма сөз жыйынында чыгып сөз сүйлөгөндөр өздөрү карызы бар адамдар.

«Ал жакта чыгып сүйлөгөн адамдар жалган окутуучулар десек болот, алар жарым-жартылай иштен айдалган», — деп айтты Береналиев басма сөз жыйынында сүйлөгөндөргө жооп иретинде.

Kloop.kgнин журналисттери айтылган айыптоолордун чын-төгүнүн билип көрүү үчүн жатаканага барып келишкен. Бирок жатакананын айланасын тартууга тыюу салынды.

Студенттердин биринин айтымында, жатаканада айрым көйгөйлөр бар, бирок «шарттар бара-бара жакшырууда».

«Азыр чындыгында душтар иштей элек. Бирок ремонт болуп жаткан учур, бизге жаңы төшөк, жаңы эмерек келип, жакшы шарттар түзүлүп жатат», — деди ал.

Кыргыз улуттук университети Кыргызстандагы эң ири жана алгачкы ачылган жогорку окуу жай. Буга чейин университет коррупциялык жаңжалдарга аралашкан учурлар болгон.

Университеттин кызматкерлери 2016-жылдын июлунда ректор Чинара Адамкулованы коррупция боюнча айыптап чыгышкан. Андан тышкары КУУнун коррупция боюнча шектелип жаткан мугалими 2015-жылдын июль айында көптөгөн коррупциялык схемалар боюнча айтып, аны коомчулукка шардана кылаарын убадалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:


25 жылдан бери биринчи жолу КУУнун окутуучулары тандоодон өттү. Эмнеге нааразычылык туулду?