Дүйнөнүн бардык православ чиркөөлөрүндө 7-январга караган түнү Иса пайгамбардын туулган күнүнө карата сыйынуу болуп өттү. Бишкектеги Владимир чиркөөсүндө сыйынуу кандай өткөнүнө барып күбө болуп келдик.

Рождество — Иса пайгамбардын туулган күнүнө карата белгиленген христиандардын башкы майрамдарынын бири. Майрам ошондой эле 40 күндүк орозо кармоонун бүтүшүн билдирет.

img_9016 рождество

Бишкектеги православ христиандары 7-январь күнү Владимир чиркөөсүнө чогулушуп, ал жерде Рождество кызматын Бишкектин жана Кыргызстандын Епархиясынын епискобу Даниил жүргүздү.

img_8829 рождество

Чиркөөгө жүздөгөн христиандар келишти. Сыйынып бүткөндөн кийин алар майрамдык салютка күбө болушту.

img_8852 рождество

img_9070 рождество

Орус проваслав чиркөөсү сыйынууну 7-январда («эски стиль» — Юлиан жылсанагы боюнча 25-декабрь) белгилейт.

img_9052 рождество

Рим-католик чиркөөсү менен протестанттык чиркөөлөрдүн көпчүлүгү Рождествону азыркы Григориан жылсанагы боюнча 25-декабрда майрамдашат. Ал эми КМШнын аймагындагы жана Сербиядагы православ чиркөөлөрү Рождествону 7-январда белгилешет.

img_8950 рождество

Бишкектеги Владимир чиркөөсү 10-декабрда ачылган. Ага чейин ал 20 жыл бою чиркөөгө келгендердин кайыр-садага таштаган акчаларына курулуп келген. Чиркөөгө 988-жылы православ христиан динин орустардын мамлекеттик дини катары тандаган князь Владимирдин аты ыйгарылган.