Казакстан: Шымкентте эки кабат үй кулап түштү

Шымкент шаарында эки кабат үй жарылып кетип кулап түштү. Бир аял курман болду. Жарылуунун так себеби азырынча белгисиз.

Эртең мененки саат 4тө Шымкент шаарында жарылуу болуп, анын айынан эки кабат үй кулап түштү. Үйдө эки үй-бүлө жашачу.

Жарылуунун айынан бир аял курман болду. Жабыркагандардын арасында каза тапкан аялдын баласы бар.

Жарылуунун так себептерин Түштүк-Казакстан облусунун өзгөчө кырдаалдар боюнча департаментинин адистери аныктап жатышат. Баштапкы версия боюнча кырсыкка жылытуу системасы бузулганы себеп болгон.

Урандылардын астынан газ камини жана электр жылытуучу шайман табылган. Азырынча жылытуучу шаймандардын кайсынысы жарылууга себеп болгону белгисиз.

Ураган жердин аянты 64 чарчы метрди түздү. Куткаруу иштерине ӨКМ кызматкерлери, өрт өчүрүүчүлөр жана медициналык тез жардам бригадасы катышты.

Бул быйыл Казакстанда турак үй кулап түшкөн биринчи окуя эмес. Мурда, 1-январда, Караганды облусунун Шахан кыштагында жалпы үйгө таандык жылытуучу казан жарылып кеткендиктен имарат кулап түшкөн. Ал үйдө жашаган 118 кишинин тогузу курман болгон.

ТЕМА БОЮНЧА: