Муз доору: Дүйнө адаттан тышкаркы суукту кантип башынан кечирип жатат?

Январдын башынан тартып дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө таң каларлык суук аба ырайы өкүм сүрүүдө. Кар ал тургай курортторго да жаады, Орусия болсо акыркы 120 жылдагы эң суук кышты баштан кечирип жатат.

Польша. Сүрөт: PAP \ Tomasz Waszczuk

Акыркы эки күн ичинде Европада 20дан ашык киши тоңуп өлдү. Польшада бери дегенде 10 киши каза тапты, алардын жетөө 41ден 66га чейинки жашта болчу.

Польшада сууктан сактангысы келгендер да курман болду. Мисалы, 51 жаштаг поляк туура эмес иштеген жылыткычтын айынан ис уруп каза тапкан.

Польшада температура Цельсий боюнча 20 градустан төмөн түштү. Польшанын метеорологдору температура дагы эле төмөндөп жатканын кабарлашууда.

Болгария. Сүрөт: BGNES

Болгариянын бийлик өкүлдөрү чек арадан өтүп баратканда үч качкын тоңуп калганын кабарлашты. Сууктун алгачкы курмандыктары тууралуу билдирүүлөр Чехиядан, Грециядан жана  Орусиядан да келип түшүүдө.

Италия, Ватикан. Сүрөт: AP \ Gregorio Borgia

Италияда минустук температура жана бурганак беш үйсүз адамдын өлүмүнө себеп болду. Суук транспорт тармагынын ишине да таасир тийгизди. Авиарейстер кийинкиге жылдырылып, жолдор жабылып, темир жол катнашы токтоп калды.

Италиянын түштүгүндөгү айрым мектептер кардын көптүгүнөн улам жабылып калды — айрым аймактарда анын калыңдыгы бир метрден ашты. Италиядагы суук ушунчалык катуу болгондуктан, Ватикандагы Ыйык Петр аянтындагы чачыратма тоңуп калды.

Греция. Сүрөт: Alexandros Maragos

Курорттору менен атагы чыккан Грецияда кар жаады.

Түркия. Сүрөт: AFP

Стамбулда жааган калың кар Turkish Airlines авиакомпаниясын 650 рейсти токтотууга мажбур кылды. «Anadolu» маалымат агенттиги ал тургай Босфор кысыгындагы паромдордун да кыймылы токтогонун кабарлоодо.

Стамбулда калыңдыгы 40 сантиметрдей кар жаады, айрым аймактарда кардын калыңдыгы бир метрге жетет.

Түркиянын «Dogan» басылмасы айдоочулар автоунааларын калтырып жөө кеткенди оң тапкан соң Стамбулдун башкы автотрассаларынын бири унаа токтотуучу жайга айланып калганын жазды.

Орусия. Сүрөт: ТАСС \ Сергей Савостьянов

Москвада православдардын Рождество майрамына карата термометрдин мамычасы Цельсий боюнча минус 30 градустан ылдый түштү. Санкт-Петербургда температура минус 24 градуска жетти.

Орус башкалаасындагы азыркы суук метеорологдордун маалыматы боюнча акыркы 120 жыл ичиндеги эң суук мезгил болуп калды.

Германия. Сүрөт: DPA

Германиядагы Бавариянын тоолуу райондорунда температура минус 27 градуска түштү. Суук өлкөнүн көптөгөн автотрассаларындагы кыймылды токтотту. Айрым аймактарда жергиликтүү бийлик органдары калкка автотранспорттон убактылуу баш тартып турууга кеңеш беришти.

Лапландия. Сүрөт: Beth Duffell

Эң суук температура Лапландиянын тоолорунда, Финляндия менен Швециянын чек арасында катталды. Ал жерде температура минус 42 градуска жетти.

Кыргызстан. Сүрөт: Скотт Тернер

Кыргызгидрометборбордун маалымат боюнча жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасында көпчүлүк облустарда орточо температура күндүз 5-6 градус жылуу, түнкүсүн 5-7 градус суук.

Эң төмөнкү температура Нарын облусунда — ал жерде суук түнкүсүн минус 26 градуска чейин түшүшү мүмкүн.

Gismeteo.ruнун маалыматы боюнча, Кыргызстандын борборунда январдын 17синен 21ине чейин суук түшүп, эң төмөнкү температура 8ден 19 градуска чейин суук болушу мүмкүн.

ТЕМА БОЮНЧА: