Панкратов: Кыргыз товарлары Казакстан аркылуу чектөөсүз эле өтүп жатат

Вице-премьер-министр Олег Панкратов кыргыз товарлары Казакстан аркылуу чектөөсүз эле өтүп жатышканын айтты. Бирок ал эт жана сүт ташуу жагынан маселе бар экенин моюнга алды.

Парламент жыйынында КСДПнын депутаты Дастан Бекешев Панкратовдон Кыргызстан Казакстанга өзүнө жараша жооп берсе болоор-болбосун сурады. Мурда казак бийлиги өз аймагы аркылуу эт жана сүт өндүрүмүн автоунаа менен ташууга тыюу салган.

«Мындай учурларда биз алардын өзүнө жараша чара көрүшүбүз керек. Мисалы, бизге Казакстандан жумуртка ташылып келет. Бузулган өнүмдөрдү алып келип жатышканы тууралуу маалымат бар», — деди ал.

Панкратов Казакстан өз аймагы аркылуу эт жана сүт өткөрүүгө тыюу салганы тууралуу маалымат «так эмес» экенин айтты.

Анын сөзүнө караганда, казак бийлиги тескерисинче эт-сүт өндүрүмүн темир жол менен ташыганга уруксат берди, ал эми мурда Казакстан аркылуу эт менен сүт ташыганга таптакыр уруксат жок болчу.

«Биз бул маселени жөнгө салып, казак кесиптештерибиз бизге өз өндүрүмүбүздү Орусияга темир жол аркылуу транзит кылып ташыганга уруксат беришти. Мурда болсо эч кандай киргизилчү эмес, ал тургай автоунаа менен да киргизилчү эмес», — деди ал.

Панкратов ЖМКны маалыматты бурмалап жатат деп күнөөлөдү.

«ЖМК сенсация кууй берип Казакстан биздин товарларды авиатранспорт жана автотранспорт менен ташууга тыюу салгандай көрсөтүп салды. Жалаң гана темир жол аркылуу ташууга уруксат бергендей. Азыр биздин товарлар чектөөсүз өтүп жатканын белгилей кетким келет. Өнүмдөр кадимкидей эле чек арадан өтүп сатылып жатат», — деди ал.

Панкратов азыр ветеринардык көзөмөлгө өнүмдөрдүн 10 пайызы гана, анын ичинде Казакстанга кое берилбей жаткан эт-сүт өндүрүмү туш болоорун айтты.

«Акыркы убакта биз ветеринардык тармакка көңүл бөлбөй калганбыз жана ошол себептен улам биздин эт-сүт өндүрүмүбүз чек арадан өтчү эмес», — деди ал.

Казакстандын өкмөтү январдын башында Кыргызстандын 15 компаниясына өз аймагы аркылуу автоунаа менен эт жана сүт ташыганга тыюу салган. Ишкерлер кыйынчылыкка туш болушкан, анткени автоунаа менен азык-түлүк ташыган темир жолго караганда арзан жана жеңил түшөт.

Сүрөт: «Спутник»