Прокуратура мурдагы башкы прокурор Сатыбалдиевдин бошотулганына каршы кайра даттанды

Аламүдүн районунун прокуратурасы мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу жөнүндө өкүмгө каршы кайра даттанды. Ал 2010-жылдагы 7-апрель революциясында 87 кишинин өлүмүнө күнөөлүү деп табылган.

Сатыбалдиев сот дайындаган жаза мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүткөн соң 29-декабрда Аламүдүн райондук сотунун чечими менен бошотулган. Ал «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Сатыбалдиев Курманбек Бакиевдин тушунда Башкы прокуратураны жетектеп, президенттин кеңешчисинин кызматын өтөп келген.

Ага каршы кылмыш иши 2010-жылы апрель революциясында курман болгондордун туугандарынын каалоосу менен ачылган. Жалпысынан 7-апрель революциясына байланышкан иш боюнча 28 кишиге айып коюлган.

6-январда мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев да шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Мурдагы эки аткаминер да «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Он жылга кесилген төрт мамлекеттик кызматкердин ичинен камакта УКМКнын «Альфа» башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жолдошалиев гана отурат.