Атайын кызматтар президент Алмазбек Атамбаевди сынга алган «Фейсбуктун» 45 колдонуучусун таап чыгышты. «Медиа Полиси Институту» президенттин дарегине айтылган терс маанайдагы комментарийлер үчүн жазага тартса болор-болбосун түшүндүрүп берет.

ЭСКЕ САЛА КЕТЧҮ НЕРСЕ: Түшүндүрмө карточкалар президентти колдогон социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина коомдук түйүндөрдө президентке карата айтылган сын пикирлерге көз салууну талап кылган кезде 2016-жылдын ноябрында даярдалган.

ТЕМА БОЮНЧА: Атайын кызматтар Атамбаевди «Фэйсбукта» сындагандарды текшеришүүдө


Эмне болду?

2016-жылдын 18-октябрында парламенттин коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыковдон президенттин ар-намысына интернет аркылуу ачык доо кетирген адамдарга карата көрулгөн чаралар тууралуу сураган.

Мамасадыков «президент, туу жана гимн — мамлекеттин символдору, аларды мазактоо мыйзам чегинде жазаланышы керек, ушуга байланыштуу УКМК президентке карата айтылган терс пикирлерге коз салып, аларды Башкы прокуратурага жөнөтүп турат» деп билдирген.


Мамлекеттик символдорду бузган же шылдыңдаган адамдар эмне болот?

Мыйзамда «мамлекеттик символдорду шылдың кылуу» кылмыш жообуна тарта турган аракет катары каралган. Ожеговдун түшүндүрмө сөздүгү шылдың кылууну «ар намыска доо кетирүүчү, орой мазактоо, бети жоктук» деп түшүндүрөт.


Кыргызстанда мамлекеттик символ деп эмне таанылат?

Аракеттеги Конституциянын 11-беренеси мамлекеттик символ деп Кыргыз Республикасынын туусун, гербин, гимнин эсептейт. Кыргызстандын жарандары жана өлкөнүн коноктору мамлекеттик символдорду сыйлашы керек.


Анда президентти шылдыңдоо — мамлекеттик символду шылдыңдоо эмес экен да?

Ооба, бул мамлекеттик символду шылдыңдоо эмес. Кыргызстандын президенти мамлекет башчысы катары — элдин биримдигинин жана мамлекеттик бийликтин символу жана Конституциянын кепили, бирок ал эч качан мамлекеттик символ боло албайт.


Макул, президент — мамлекеттик символ эмес. Бирок атайын кызматтардын компетенциясына президенттин дарегине айтылган сын пикирлерге көз салуу кирбейби?

Кирбейт. Балким УКМКнын мындай иш милдеттери жазылган ички жабык документтер болсо болгондур, бирок анда Конституция боюнча андай ыйгарым укуктар максатка ылайыкпы жана мыйзамдуубу деген суроо келип чыгат. Интернетке байкоо жүргүзүү коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө, эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө мыйзамсыз кол салууну таап чыгып, алдын алып жана бөгөт коюу максаты менен гана негизделиши мүмкүн.


Президенттин дарегине терс пикир айтуу боюнча кандайдыр бир чектөөлөр барбы?

Ар бир жарандын, анын ичинде президенттин да ар намысын коргоо эч кандай артыкчылыксыз жалпы тартипте жарандык сотто каралышы керек. Бирок кыргыз мыйзамдары президенттин жана баш прокурордун ар намысын коргоого укук берген.

Коррупцияга каршы күрөш боюнча эл аралык уюмдар Кргызстанга бул норманы мыйзамдардан алып салууга көптөн бери эле кеңеш берип келатышат, анткени башкы прокурор президенттин жекече адвокатынын ролун аткарышы демократиялык стандартарга туура келбейт. Бирок Кыргызстан андай кеңештерди укпай келет.


Президенттин өзүнүн ар намысын «өзгөчө» коргоого ээ болушу логикалык жактан туура эле да.

Ар бир адам коргоого укугу бар, бирок жаран өз алдынча эмненин каралоо, ал эми эмне каралоо эмес экенин чече алат.


Бирок бул эреже күчүндө болгондуктан аны аткарыш керекпи?

Ооба, тилекке каршы, аткарыш керек. Кыргызстанда ар кайсы жылдарда баш прокурорлор ошол убактагы президенттердин ар намысын коргоп журналисттерге каршы доо арыз жазуу ниети бар экенин билдиришкен. 2015-жылы прецедент жаралып, анда соттор баш прокурордун журналист Дайырбек Орунбековго каршы, Атамбаевди коргогон доосун канааттандырган. Журналист президентке эки миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.