Бишкектин мэрин шайлоо: Ибраимов Абдылдаев менен дебатка келген жок

Бишкек мэринин кызматына эки талапкердин ортосунда боло турган теледебат азыркы шаар башчы Албек Ибраимов келбегени үчүн болбой калды. Анын атаандашы Нурдин Абдылдаев көрүүчүлөрдүн жана алып баруучунун суроолоруна жалгыз жооп берди.

Бишкек мэринин кызматына талапкерлердин ортосундагы теледебат 10-январь күнү кечинде «Сентябрь» телеканалында болду. Ибраимов эфирге келген жок, андыктан Абдылдаев көрүүчүлөрдүн жана алып баруучунун суроолоруна жалгыз жооп берди.

Ибраимовдун келбей калган себеби азырынча белгисиз. Мурда ал өзүнүн жалгыз оппоненти менен дебатка чыгууга макул болгон, бирок ден соолугунда маселе бар экенин айткан.

Кыргызстандын биринчи телеканалы КТРК эфир берүүдөн баш тартып койгондуктан, 10-январга чейин дебаттын өтө турган орду белгисиз болчу.

Бүгүн дебат оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев менен байланышкан «Сентябрь» телеканалында болоору белгилүү болгон.

Ибраимов өзү чыныгы башчысы азыркы президент Алмазбек Атамбаев болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү. 2016-жылдын декабрында Конституцияга киргизилген түзөтүүлөрдүн айынан Атамбаев да, социал-демократтар да «атамекенчилер» менен мамилеси анча эмес.

Бишкектин мэри 11-январда шайланат — шаар башчысын Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамы шайлайт.

Ибраимов өз ордун сактап калыш үчүн күрөшөт, аны көпчүлүк коалиция колдойт. Ал эми азыркы мэрдин жалгыз атаандашы Нурдин Абдылдаев өзүнүн «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын эсебинен гана утуп чыгууга аракет кылат.

Бишкектин мэри мурда альтернативасыз негизде шайланган. Анда Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалициянын бирден бир талапкери Албек Ибраимов болуп, мэрдин кызматын ээлеп калган.