БУУнун мурдагы баш катчысынын бир тууганы менен жээни коррупция боюнча айыпталууда

АКШнын бийлиги БУУнун мурдагы баш катчысынын бир тууганы менен жээнине коррупция боюнча айып койду. Прокуратуранын билдирүүсү боюнча алар мамлекеттик аткаминер мамлекеттин акчасына курулуш комплексин сатып алышы үчүн ага пара бермек болушкан.

Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин биринин аткаминерине пара бергени үчүн Пан Ги Мундун бир тууганы менен жээни айыпталууда.

Американын прокуратурасы алар Вьетнамда мамлекеттин акчасына имараттар топтомун сатып алууга аткаминерди көндүргүсү келген деп билдирүүдө.

Мурдагы баш катчынын бир тууганы менеджер болуп иштеген «Keangnam Enterprises» компаниясы чоң карыздын айынан Вьетнамдагы «Landmark 72» комплексин сатып жибермекчи болгон.

Пан Ги Мундун жээни жана Нью-Йорктогу кыймылсыз мүлк боюнча агент Чу Хён Пан, Пан Ги Сан менен кошо аткаминерге имараттар топтомун сатуудан 800 миллион доллар киреше тапмакчы болушкан.

Прокуратуранын билдирүүлөрүнө караганда, өз максатына жетиш үчүн алар үй-бүлөсүнүн таасирин пайдаланууга мажбур болуп, ошол аткаминерге 2,5 миллион доллар пара бермекчи болушкан.

Бирок алар параны өздөрү эмес, жарашык блоггери Малкольм Харрис аркылуу беришкен, ал болсо өзүн алардын ишенимдүү адамы катары көрсөткөн. Иш жүзүндө болсо ал өзүнө берилген 500 миң долларга Бруклинде пентхаус жалдап алып, ал ишти бүтүрбөй койгон.

АКШнын прокуратурасы мурдагы баш катчынын жээни Чу Хён Пан сотто оз күнөөсүн моюнга албай, кийинчэреек 250000 долларлык күрөө менен эркиндикке чыкканын билдирет. Пан Ги Мундун бир тууганы кармалган эмес.

Пан Ги Мун 2007-жылдан 2016-жылга чейин БУУнун баш катчысынын кызматын ээлеп турган. 1-январдан тартып анын ордуна Португалиянын мурдагы премьер-министри Антониу Гутерриш дайындалды.