Азыркы шаар башчы Албек Ибраимов кайрадан баш калаанын мэри болуп шайланды. Анын талапкерлигин добуш берүүгө катышкан 43 депутаттын ичинен 29у колдоду. Мэрдин кызматы үчүн 2 киши — Ибраимов жана «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаттар Нурдин Абдылдаев ат салышты.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шаардын азыркы мэрин — президентти колдогон КСДП партиясынын талапкери Албек Ибраимовду шайлашты. Жалпысынан добуш берүүгө 43 депутат катышып, алардын ичинен азыркы мэр үчүн 29у добуш берди. Мэрдин кызматына «Өнүгүү-Прогресс» партиясы сунуш кылган талапкер болгону 12 добуш алды. Баарына каршы эки киши добуш берди.

Шайлоо шаардык кеңештин депутаттарынын талаш-тартышынан башталды. Айрым депутаттар талапкерлер — көпчүлүк коалиция сунуш кылган Албек Ибраимов жана анын оппоненти Нурдин Абдылдаев — өз программаларын айтып беришин талап кылышты.

«Биз эмнени жашырып атабыз? Депутаттар, балким, программалар менен таанышса таанышкандыр, ЖМК болсо таанышкан эмес, угуп көрүшсүн, жарыялашсын. Мыйзам боюнча мэрдин кызматына талапкерлер өз программасын көрсөтүшү керек», — деди оппозициячыл «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын өкүлү Рыспай Аматов.

Башкалар, мисалы «Мекеним Кыргызстан» фракциясынын депутаттары, түз эле добуш берүүгө шашып жатышты.

«Бир нерсе уккандын зарылдыгын көрбөй турабыз. Жашыра турган деле эч нерсе жок, бирок добуш берүүгө өткөнүбүз эле жакшы болот. Азыр бул жөн гана пиар», — деген алардын сөзүн 24.kg жазып чыкты.

Боршайкомдун мүчөсү Бахтияр Кадыров талаш-тартышка берилгенге жана сөз бергенге убакыт кетирүү туура болбой тургандыгын, анткени бүгүн шайлоо күнү экенин айтты.

«Эгерде дебат менен талкууну узарткыңар келсе БШКга аларды узартуу өтүнүчү менен кайрылышыңар керек болчу. Бүгүн талкуу эмес, добуш берүү күнү экенин унутпайлы», — деди ал.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын өкүлү Эмил Сыдыков депутаттарга да, жөнөкөй шаардыктарга да басым болуп жатканын, анткени көчөдө Албек Ибраимовду колдогон митинг болуп жатканын белгиледи.

Албек Ибраимовдун тарапкерлери.

Натыйжада депутаттар кантсе да добуш беришти.

Бир күн мурун кечинде, 10-январда, Ибраимов өз оппоненти менен боло турган дебатка келбей койгон. Анын атаандашы Нурдин Абдылдаев көрүүчүлөрдүн жана алып баруучунун суроолоруна жалгыз жооп берген.

Албек Ибраимов Бишкек шаарынын азыркы мэри. Ал былтыр февралда шайланып, 10 айдан бери шаар башчынын кызматын аткарып келатат. Мурунку шайлодо ал жалгыз талапкер болгон.