Кирип келген 2017-жыл кинопремьераларга бай болду. Алардын арасында популярдуу комикстердин, мыкты агенттер тууралуу фильмдердин жана жарышма сагалардын сиквейл-приквейлдеринен тышкары кыйла өзгөчөлөнүп турган тасмалар да бар.

Мисалы Алтын глобустун жеңүүчүсү болгон мюзикл, Кристофер Ноландын биринчи аскердик драмасы жана орус аристократ аял менен СС офицеринин махабаты тууралуу тасма.

Альтернативалуу ааламдар

2017-жылы комикстердин сюжеттерин экрандаштырган жана кудуреттүү, жанда жок баатырлар тууралуу сагаларды чагылдырган көптөгөн фильмдер чыгат.

Логан (Logan)
Премьерасы: 2-мартта
Режиссёру: Жеймс Мэнголд

«Логан» — мутанттары жок келечек тууралуу айтып берген фильм, жакында экрандарда пайда болот.

Галактиканын коргоочулары. 2-бөлүк (Guardians of the Galaxy Vol. 2)
Премьерасы: 4-майда
Режиссёру: Жеймс Ганн

«Галактиканын коргоочулары» толук курамында келээри күтүлүүдө.

Керемет аял (Wonder Woman)
Премьерасы: 1-июнда
Режиссёру: Пэтти Женкинс

«Керемет аял» — XX кылымдын башындагы Биринчи дүйнөлүк согуш маалында жашап өткөн каарман аял тууралуу тасма.

Жөргөмүш киши: Үйгө кайтуу (Spider-Man: Homecoming)
Премьерасы: 6-июлда
Режиссёру: Жон Уоттс

Алдыбызда бул персонаждын эң жаш киноверсиясы. Аны анча деле белгилүү болбогон Том Холланд ойнойт.

Адилеттүүлүк лигасы (Justice League)
Премьерасы: 16-ноябрда
Режиссёру: Зак Снайдер

«Адилеттүүлүк лигасында» Бэтмен, Аквамен, Флэш жана Супермен сыяктуу персонаждар пайда болот.

Конг: Баш сөөк аралы (Kong: Skull Island)
Премьерасы: 9-мартта
Режиссёру: Жордан Вот-Робертс

Кинг-Конг тууралуу фильмдин бул ремейкинде алп маймылдын асман тиреген имараттарга чыгып алганы тууралуу айтылбайт. Кинодо алп маймылдын аралга алып кеткенге чейинки окуялар баяндалат.

Форсаж 8 (The Fate of the Furious)
Премьерасы: 13-апрелде
Режиссёру: Ф. Гэри Грей

Кинонун бул бөлүмүндө Шарлиз Терон, Скотт Иствуд, Джейсон Стэйтем, Курт Рассел, Хелен Миррен жана «Так оюндарындагы» «кхалисинин жардамчысы» Натали Эммануэлдер ойношот.

Чоочун: Осуят (Alien: Covenant)
Премьерасы: 18-майда
Режиссёру: Ридли Скотт

«Чоочун: Осуят» — Чоочундар тууралуу алтынчы фильм. Башкы ролдордо Майкл Фассбендер, Жеймса Франкоа жана Нуми Рапас ойношот.

Кариб деңизинин каракчылары: Өлүктөр жомок айтпайт (Pirates of the Caribbean: Dead Men Tell No Tales)
Премьерасы: 25-майда
Режиссёрлору: Хоаким Роннинг, Эспен Сандберг

Фильмдин жаңы бөлүгүндө актёрлор Жонни Депп жана Орландо Блум кайтып келишет.

Кингсмэн: Алтын айлампа (Kingsman: The Golden Circle)
Премьерасы: 28-сентябрда
Режиссёру: Мэттью Вон

Сентябрда «Кингсмэн: Жашыруун кызматынын» уландысы жарык көрөт.

Устаранын мизинде чуркаган киши 2049 (Blade Runner 2049)
Премьерасы: 5-октябрда
Режиссёру: Дени Вильнев

Англиялыктар менан америкалыктар биргелешип тарткан фантастикалык фильм, башкы ролдордо Харрисон Форд, Жаред Лето жана Райан Гослинг тартылган.

Жылдыз согуштары. Эпизод VIII (Star Wars: Episode VIII)
Премьерасы: 14-декабрда
Режиссёру: Райан Жонсон

Сегизинчи эпизод «Күчтүн ойгонушунун» уландысы болмокчу.

Киносыйлыктардын лауреаттары

Ла Ла Лэнд (La La Land)
Премьерасы: 12-январда
Режиссёру: Дэмьен Шазелл

«Ла Ла Лэнд» — сыйкырдуу Лос-Анжелес, жаңыдан иш баштаган актриса жана музыкант тууралуу америкалык мюзикл.

Бейиш (Рай)
Премьерасы: 19-январь
Режиссёру: Андрей Кончаловский

Сюжеттин борборунда — концлагерге камалган орус аристократ аял менен немистердин СС офицеринин ортосундагы романтикалык мамиле.

Ай жарыгы (Moonlight)
Премьерасы: 23-февралда
Режиссёру: Барри Дженкинс

Тасма баары баңгизат саткан геттодо өскөн афроамерикалык Широндун балалыгы, жаштыгы жана жетилген курагы тууралуу баяндайт.

Дюнкерк (Dunkirk)
Премьерасы: 20-июлда
Режиссёру: Кристофер Нолан

«Дюнкерк» — Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу Кристофер Нолан сунуш кылган драма. Бул Ноландын аскердик темага тарткан биринчи фильми.

ТЕМА БОЮНЧА: