Жалал-Абад: КСДП шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясына кирген жок, анткени чогулушка келбей калды

Жалал-Абад шаардык кеңешинде көпчүлүк коалиция түзүлдү. КСДП жана «Кыргызстан» фракцияларынын депутаттары чогулушка келбей коюп, анын айынан оппозицияда калышты.

Көпчүлүк коалицияга «Өнүгүү-Прогресс», «Республика - Ата-Журт» жана «Ата-Журт» партиялары кирди. КСДП жана «Кыргызстан» партияларынын депутаттары жыйынга келген жок, ошондуктан оппозицияда калышты. Алар жыйынга келбей калган себебин түшүндүрүшкөн жок.

БШКнын өкүлү Дамир Жүндүбаев жаңы шайланган депутаттарга мандаттарын жана төш белгилерин тапшырды.

Депутаттардын керектүү саны жок болгондуктан, шаардык кеңештин спикерин шайлоо кийинки отурумга калтырылды. Спикер шайлаш үчүн 31 депутаттын 21и зарыл болчу. Отурумга болсо 16 киши катышты.

Шаардык кеңешке шайлоо алдында Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы КСДПнын бардык депутаттарын шайлоого катышуудан четтеткен. Ага гендердик тең салмактын бузулганы жана докуметтердин туура эмес толтурулганы себеп болгон.

БШК Жалал-Абад АИКтин чечимин жокко чыгарып, ага себеп катары комиссия бир сутка ичинде мыйзам бузуунун далилдерин келтирген жок деп билдирген.

Ошондон кийин КСДП талапкерлердин тизмесин жаңыртып, партия шайлоого катышаарын билдирген жана добуш берүүнүн натыйжасында шаардк кеңешке өткөн.

ТЕМА БОЮНЧА:


Сүрөт: «АКИпресс»