Айыл чарба иштерине байланыштуу окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылдырылышы мүмкүн

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Таалайбек Масабиров айыл чарба иштерине жана Ысык-Көлдө мектеп окуучулары иштеп акча таап жүрүшкөнүнө байланыштуу мектептердеги жана жогорку окуу жайларындагы окуу жылынын башталышын 15-сентябрга же 1-октябрга жылдырууну сунуш кылды. Билим берүү министрлиги жаңы эреже киргизүүгө каршы эмес.

Өз сунушун Масабиров аймактарда балдар ата-энесине түшүм жыйууга жардам бериши керек деп түшүндүрдү.

«Базар-Коргондо, мисалы, айыл чарба иштери октябрга чейин созулат. Анан эгерде окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдырсак, балдар баары бир сентябрдын аягында келет, андыктан окууну 1-октябрдан эле баштаган оң», — деп эсептейт ал.

okuu-zhyly-zagolovok

Масабиров мындай эреже Ысык-Көлдө иштеп акча таап жаткан өспүрүмдөргө сезон учурунда көбүрөөк иштеп алганга шарт түзөөрүн да кошумчалады.

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева мекеме бул маселени изилдеп чыгууга даяр экенин билдирди.

«Биздин астыбызда чоң иш турат, биз аны баштаганга даярбыз. Мекеме аралык жумушчу топ 2-3 ай ичинде мындан экономикага кандай пайда болоору жана билим берүү системасынын өкүлдөрү эмне кылыш керек экендиги тууралуу компетенттүү корутунду чыгарып бериши керек», — деди ал.

Ал мунун натыйжасында окуу жылынын аягы беш күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге жылаарын белгиледи.

Сүрөт: president.kg