ЦРУ «АКШнын президентин шайлоого орусиялык хакерлердин кийлигишүүсү тууралуу» докладын жарыялады. Барак Обама атайы кызматтын пикирин колдоп, чыгарылган корутунду менен макул экендигин билдирди. Бирок эксперттер менен журналисттер бул докладды сындап чыгышты. Бул тууралуу эмне белгилүү?

Кыскача:

  • ЦРУ АКШнын президентин шайлоого орусиялык хакерлердин кийлигишүүсү боюнча докладын 6-январда таркаткан;
  • АКШнын учурдагы президенти Барак Обама бул докладды жетишээрлик деңгээлде «так» жана АКШнын саясатына Орусиянын кийлигишүүсүн ачыктаган негизги далил деп баалады;
  • Бир катар басылмалардын журналисттери докладды сынга алышып, аны «далилсиз» деп айтып чыгышты;

Кененирээк:

  • Орус хакерлеринин кибер чабуулдары тууралуу ЦРУнун доклады

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) орус хакерлери тарабынан жүргүзүлгөн киберчабуулдар тууралуу докладын 6-январда сунуштады.

Бул документ президент Барак Обаманын тапшырмасы боюнча ЦРУ жүргүзгөн иликтөөнүн ачыкталган, кыскача түрү болуп саналат. Иликтөөнүн түп нускасы 50 беттик аналитикадан турат, ошол эле учурда элге сунушталган докладдын көлөмү 25 бет.

Докладда «АКШга хакердик чабуулдарды баштоого Путин жеке өзү буйрук берген» деп айтылат. Атайы кызматтардын пикири боюнча, кибер чабуулдардын аркасында Орусиянын Башкы чалгындоо башкармылыгы (ГРУ) турат.

ГРУ алынган маалыматтарды жарыялаш үчүн Wikileaks жана DCLeaks деген долбоорлорду, ошондой эле Guccifer 2.0. деген каймана аттагы хакерди колдонгон, деп билдирет ЦРУ.

Докладдын бир бөлүгү орусиялык RT (Russia Today) телеканалынын ишмердүүлүгүнө арналган — бул 14 барактык аналитика ЦРУ тарабынан 2012-жылы эле жарыяланган болчу.

Телеканал тууралуу маалымат орусиялык ЖМКлардын Хиллари Клинтон менен Дональд Трампка ар башка мамиле кылышканына (Хиллари Клинтон тууралуу терс жазышса, Дональд Трамп тууралуу оң маанайда) далил катары келтирилген.

RT телеканалынан сырткары докладда саясатчы Владимир Жириновскийдин жана теле алып баруучу Дмитрий Киселевдун ысымдары аталып, алардын Трампка колдоо көрсөткөн сөздөрү келтирилген.

АКШга каршы киберчабуулдарга Орусиянын тиешеси бар экендигин тастыктай турган доклад даярдалып жаткандыгын ЦРУнун расмий өкүлдөрү 2016-жылдын октябрында эле билдиришкен эле.

Ноябрдын соңунда ЦРУ Трамптын 8-ноябрдагы президенттик шайлоодо утуп чыгышына көмөктөшүү максатында Демократиялык партиянын серверлерин сындырган деп Орусияны ЖМКлар аркылуу күнөөлөп чыккан.

  • Обама ЦРУнун докладын колдоду

Барак Обама орусиялык кибер чабуулдар тууралуу ЦРУнун доклады боюнча пикирин АВС каналына билдирген. Анын ою боюнча, ЦРУнун доклады «эң так».

«Орусиялык хакерлер шайлоонун жүрүшүнө жолтоо кылгысы келишкен. Жүргүзүлгөн киберчабуулдар бул кампаниянын бир бөлүгү болуп саналат жана шайлоонун жыйынтыгы боюнча алардын өз каалоо-тилектери бар болчу», — дейт ал.

20-январдан кийин президенттик милдетин аткарууга кирише турган Трамп америкалык атайын кызматтардын докладын шектенүү менен кабыл алды.

Обаманын сөзү боюнча, ал АКШнын чалгыны шилтеме кылган документтер менен таанышып чыккан жана тыянактардын тууралыгына ишенет.

«Республикачылардын көбү жана аларга жакын аналитиктер менен тележурналисттер демократ болгону үчүн гана өз мекендештерине караганда Владимир Путинге көбүрөөк ишенише тургандыгы мени тынчсыздандырбай койбойт», — дейт ал.

  • Докладдын сындалышы

Орусияга байланыштуу суроолорду чагылдырып келген журналисттер доклад ишенимдүү эместигин билдиришти. Алардын пикиринде, докладда далил базасы жокко эсе, журналисттердин бир бөлүгү аны «кесипкөйлүктөн алыс» деп баалашты.

«Бул мага эле ушундай көрүнүп жатабы, же доклад чын эле ушундайбы, адистешкен чалгын кызматтары айлап түзгөн документке караганда, бир канча журналист 2-3 күндө даярдай койгонго окшошурактай сезилет?» — дейт өз твиттеринде британдык Guardian басылмасынын кабарчысы Шон Уокер.