Кыргызстанда бийликке кирбеген саясатчылар тобу азыркы өкмөткө атаандаш “көлөкөдөгү министрлер кабинети" түзүлгөнүн жарыялады.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

Бул “көлөкөдөгү өкмөт” саясий туруктуулукту кармоо жана башкаруудагы атаандаштыкты камсыздоо үчүн бийликке оппозицияда болуп, ага кеп-кеңеш берип турууну убада кылды.

Саясат талдоочулар бул саясий бирикменин максаттары аталган саясатчылар бийликте турганда эмнеге ишке ашкан эмес деген суроону кабыргасынан коюшту.

Жаңы саясий демилге

“Таза Кыргызстан”, “Ар-намыс” жана “Эрк” саясий партияларынын төрагалары Марат Иманкулов, Феликс Кулов жана Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандын “көлөкө өкмөтүн” түзүү боюнча меморандумга кол коюшту. Буга байланыштуу кайрылууда уюштуруу комитети өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал азыркы бийликке атаандаш “көлөкө өкмөттү” түзүүгө негиз болгону көрсөтүлдү.

Саясатчы Марат Иманкулов бул саясий бирикменин негизги миссиясына токтолду:

- “Көлөкө өкмөт" - бул демократиялык ченемдердин бири. Ал ички жана тышкы саясат боюнча расмий бийликке карата сын-пикирин жана кеп-кеңештерин айтып турат. Ошондой эле мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолдорун издеп, өз алдынча программалар менен коомчулукка чыга алат. Муну менен бизди конструктивдүү оппозиция деп айтса болот. Биздин иштеп чыга турган кеңештерди азыркы бийлик эске алса, аны биз кубануу менен гана кабыл алабыз. Мындан сырткары президенттик шайлоодо толкундоолор чыгып кетиши мүмкүн деген сөздөр бар. Бирок тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары ошого даяр эмес. Ошондой кризистик кырдаалда дагы биз азыркы бийликке көмөктөшүүгө даярбыз.

“Көлөкө өкмөт” – сүйлөшүүнүн аянтчасы

Кыргызстандын “көлөкө өкмөтүн” түзүү боюнча меморандумга кол коюуга башка дагы саясий күчтөрдү чакырган уюштуруу тобу азыркы өкмөт курамынын кесиптик даярдыгын сынга алды. Ошондуктан демилгелүү, билимдүү жана иш-тажрыйбага бай саясатчыларды “көлөкө өкмөттүн” курамына киргизип, расмий өкмөткө атаандаш программаларды иштеп чыгуу милдети турганы айтылды.

Мурдагы парламент депутаты Турсунбай Бакир уулу “көлөкө өкмөт” өлкөдө бийлик боштугу пайда болсо, кырдаалды жөнгө салууга жөндөмдүү экенин кыйытты:

- Негизги максатыбыз - өзүбүздү көрсөтүү. Биз расмий өкмөттүн түзүмү кандай болсо, ал бизге жакпаганына карбастан ошондой эле өкмөт түзөбүз. Биздеги ар бир министрликке эки-үчтөн талапкер болот. Ар кимиси өзүнүн дараметин мына ушул “көлөкө өкмөттөн” көргөзсүн. Мына ошентип биз кесипкөй жана тажрыйбалуу саясатчыларды болочокто бийликке келе турган өкмөткө тандайбыз. Эл арасында үчүнчү ыңкылап болуп кетиши мүмкүн деген да сөздөр бар. Бирок Кыргызстан аны көтөрө албайт. Эгерде өлкөдө башаламандык болуп кетсе, бийлик боштугун толуктоого биз даярбыз. Кудай сактасын, бирок президенттик шайлоодон бир нерсе чыгып кетсе, ошондой башаламандыктарга жол бербейбиз. “Биз барбыз” деп жатабыз.

Күздө өтө турган президенттик шайлоонун астында түзүлө калган бул саясий бирикменин чыныгы максат, мүдөөлөрү тууралуу пикирлер бир кылка эмес. Негизи оппозициялык күчтөр бийликке атаандаш бейформал өкмөт түзгөн тажрыйба бар. Ошондуктан муну саясат таануучулар саясий атаандаштыкты күчөтүүгө өбөлгө түзгөн тажрыйба катары карашат.

Саясат талдоочу Марс Сариев “көлөкө өкмөт” бийликти күч менен болсо дагы алууну самаган саясатчылардын бугун чыгара турган аянтча болоруна ишенет:

- Бул “көлөкө өкмөт” деген оппозиция болуп көрүнгөнү менен оор кырдаалда коомдо саясий туруктуулукту камсыздоого жарай турган жакшы механизм. Анан саясий жактан абдан эле активдүү болуп, бирок бийликке келбей калган айрым кызуу кандуу саясатчылар мына ошол жактан “бугун” чыгарып алганга дагы болот. Негизи кандайдыр бир нааразылык же болбосо чыңалуу болсо, аны ушул аркылуу басаңдатууга негиз болот. Ошондуктан мындай уюмдун болушу бийликке деле жакшы. Экинчи жагынан кызуу дебаттар болуп турса, саясий атаандаштык күчөп, расмий өкмөттөгү министрлердин натыйжалуу иштешине дагы өбөлгө түзүлөт.

Бийликтен кеткендердин ызасыбы?

Ошол эле кезде бул “көлөкө өкмөт” оппозициялык уюм катары дагы коомчулукта оозго алынып кетеринен күмөн санагандар бар. Анткени серепчилер андагы айрым саясатчылардын буга чейинки ишмердиги жана саясий бедели коомдо терс маанай жараткан учурлар аз эмес экенин белгилешти. Саясий серепчи Марат Казакпаев бул тууралуу мындай деди:

- Азыр эле бул адамдардын өздөрүнчө “азыркы бийликке конструктивдүү оппозиция болобуз” деп чыга калганы кызык. Негизи анын курамындагы көпчүлүк саясатчылар буга чейин бир катар жогорку кызматтарда иштеген да. Мына ошол ойлорун, программаларын бийликте турганда эмнеге ишке ашырган эмес? Аларга өлкөнү бир жакшы нукка өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилген да. Азыр акылдуу болушпай, ошондой эле иш жүзүндө көргөзүп, абалды оңдобойбу?

“Көлөкө өкмөт” саясий бирикмесин түзүүгө башка кайсы саясий күчтөр тартылганы азырынча белгисиз. Ошондой эле бул “көлөкө” өкмөттүн курамындагы расмий бийликке “атаандаш министр” болчу саясатчылар кайсы тармактар боюнча иш алып бара турганы дагы азырынча аныкталып, бекитиле элек.