Кыргызстан чет элдиктер үчүн онлайн каттоону ишке киргизди

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) чет элдик жарандарга Кыргызстанда убактылуу каттоого туруш үчүн онлайн платформаны ишке киргизди.

МККнын сайтында 13-январдан тарта чет элдиктер үчүн каттоо кызматы жеткиликтүү болуп калды. Эми чет элдик жарандар жана жарандыгы жоктор Кыргызстанда убактылуу каттоодон өтүш үчүн электрондук арыз бере алышат.

Арыздарды калтыруу үчүн e.srs.kg сайты жеткиликтүү. Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана паспорт-виза жана каттоо иштери боюнча бөлүмдөрдө да МКК «Чет элдиктерди каттоо» автоматташкан кызматын ишке киргизген.

«Жакынкы аралыкта VISA жана MasterCard төлөө карталары аркылуу мамлекеттик төлөмдөрдү кабыл алган онлайн кызматты ишке киргизүү пландалууда. Бул жарандарга интернет аркылуу өз алдынча накталай эмес төлөм жүргүзүүгө өбөлгө түзөт», — деп кабарлайт МККнын басма сөз борбору.

Убактылуу каттоону кантип онлайн алууга болот?

  • Кыргызстанда убактылуу каттоо алууга онлайн арызды жазуу үчүн e.srs.kg сайтына катталуу керек;
  • Каттоодон кийин «Жеке кабинетке» өтүү керек;
  • «Жеке кабинетте» сизди каттап-каттабаганын текшерүүгө болот;
  • Каттоо бүткөндөн кийин арыздын номерин чыгарып алуу керек. Арызды паспорт столго алып барып, убактылуу каттоо боюнча аныктаманы алуу керек.

ТЕМА БОЮНЧА: