«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова Башкы прокуратура менен парламентке кайрылып, КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинага карата чара колдонуусун өтүндү. Мурдагы депутат Жакупованын ою боюнча, Карамушкина УКМКдан президент Алмазбек Атамбаевге сын айткан адамдарды жоопкерчиликке тартуу талабы менен өз ыйгарым укуктарын аша чаап жатат.

Парламенттеги «Бир бол» фракциясынын мурдагы депутаты Чолпон Жакупова баш прокурор Индира Жолдубаеванын дарегине жана парламент спикери Чыныбай Турсунбековдун дарегине кат жолдоду. Жакупова алардан КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинага карата коомдук тармактардын колдонуучуларынын сөз эркиндигин мыйзамсыз чектеп жатканына байланыштуу чара колдонууга чакырган.

Жакупова өз катында белгилегендей, Карамушкина УКМКга болгон өз талабы менен азыркы Конституциянын мыйзамдарын бузууда. Ал Карамушкинанын иш-аракеттерин парламенттеги Этика жана регламент боюнча комитетинде кароону өтүнүүдө.

«Депутат Конституциянын негизинде иш алып барышы керек. УКМКда социалдык түйүндөгү бийликти сындагандарды жоопкерчиликке тарта турган укук жок. УКМК улуттук коопсуздукту камсыз кылуу ордуна депутаттын суроо-талабын ишка ашырып жатат. Бул аракет коомчулукта абдан терс кабыл алынууда», — деп билдирген Жакупова «Азаттыкка» курган маегинде.

Укук коргоочу эскерткендей, Кыргызстандын президентине карата жарыяланган терс маалыматтар кылмыш же мыйзам бузуу болуп эсептелбейт.

Президенттин өкүлү Молдакун Абдылдаев 12-январда өткөн парламент отурумунда билдиргендей, башкы прокуратура «президенттин ар-намысына доо кетирген» жарандарды сотко бере алат.

Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикиринде, Башкы прокуратура парламент депутаттарына карата чара колдоно албайт.

«Силерге жакшы белгилүү болгондой, Конституцияга ылайык, депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу айткан сөзү үчүн бир депутат куугунтукталбайт», — деп жазган Байсалов Чолпон Жакупованын фейсбуктагы барагында.

Байсалов

Коомдук тармактардын колдонуучуларын көзөмөлдөө

КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина 2016-жылы октябрдын аягында эмне үчүн атайын кызматтар Атамбаевдин дарегине айтылган сын пикирлерди көзөмөлдөбөйт деп маселе койгон. Ал УКМКга расмий суроо-талап менен кайрылып, президентти сындаган колдонуучулар туурасында маалымат берүүсүн өтүнгөн.

УКМКнын төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаев депутат Ирина Карамушкинанын сурамына жооп берген. Катта атайын кызматтар «мамлекет башчысына карата маал-маалы менен терс ойлорду жазышкан» фейсбуктун 45 колдонуучусун табышканы айтылат. 45 колдонуучунун ичинен 10унун турган жери аныкталган, ал эми калган 35ине карата «тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат».

УКМКдан такташкандай, аты аталган он жарандын IP дареги чет өлкөдө болгондуктан «аларга карата чара колдонуу азырынча мүмкүн эмес».

Бул атайын кызматтар адамдарды президенттин дарегине айтылган терс пикирлери үчүн текшерип, суракка алган биринчи учур эмес.

2016-жылдын декабрында Ысык-Көл облусунун тургуну Атамбаевге жазылган сатира үчүн УКМКда суракка алынган.

ТЕМА БОЮНЧА: