Ливияда кеме чөгүп 110 жүргүнчүдөн төртөө аман калды

Ливияда жүздөгөн мигранттарды ташып бараткан деңиз кемеси чөгүп кетип, 110 жүргүнчүнүн ичинен төртү гана табылган.

Көп сааттык издөөдөн кийин сегиз адамдын сөөгү табылып, начар аба ырайынан улам калгандары табыла элек.

93573661_hi036736141Кырсык ишемби күнү 14-январда болгон. БУУнун маалыматы боюнча, кеме ашыкча жүктөн улам аңтарылып калган. Ал эми мигранттар болсо Италияга бараткан.

Кемеден дайынсыз жоголгон жүргүнчүлөрдү издөө түнү менен жүргөн. Учурда адамдардын сөөктөрү Ливия жээктеринен 50 километрге чейинки аймактарда изделүүдө. Куткаруу иштерине италия жана француз моряктары да тартылган.

Мигранттарды ташыган көпчүлүк кемелер Ливиядан мыйзамсыз чыгышат. Контрабандачылар адамдардан жүздөгөн долларлардан чогултушуп, аларды Жер ортолук деңизинен өткөрүүнү убадалашат.

Буга чейин аталган маршрут боюнча мындай кырсыктар катталган. Былтыркы жылдын эсебинен деңизде 5000дей адам чөгүп кетсе, андан мурдагы жылы 3800 жүргүнчү контрабандалык кемелерден чөгүп өлгөн.

Мигранттарды жүктөп алган деңиз кемелери Италияга тез-тез каттап турат. Италияга 2016-жылы мындай жол менен 170 миңден ашуун адам барган. Көпчүлүк мигранттар Нигериянын жана Түндүк Африкадагы өлкөлөрдүн жарандары болуп саналат. Ал эми жаңырган жылдын алгачкы эле эки аптасында Европага миңдеген мигранттар келген.

Сүрөт: ITALIAN NAVY VIA AP

ТЕМА БОЮНЧА: