Орусияда каржы жетишпегендиктен улам саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) аскер кызматкерлерин, жумушсуздарды жана Евразиялык экономикалык биримдигине кирген өлкөдөгү мигранттардын үй-бүлөлөрүн милдеттүү медициналык камсыздамадан (ММК) ажыратышы мүмкүн.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Дмитрий Костенников 2016-жылдын октябрында Орусиянын Эмгек, Каржы, Тышкы иштер министрликтерине жана башка мекемелерине кат жолдоп, бир нече категорияга кирген жарандарды ММКдан чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган.

Алардын ичинде ЕАЭБден келген мигранттардын балдары жана жубайлары бар. Мигранттар 2017-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү медициналык камсыздама алышына керек болгонуна карабастан, алардын үй-бүлө мүчөлөрү бекер медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышы ыктымал.

Ошол эле убакта ЕАЭБ менен болгон келишимде жазылгандай, медициналык жардамды алууга мигранттар сыяктуу эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн да укуктары бар.

ССМдин тастыкташынча, ММК бир гана «эмгек келишиминин негизинде иштеген ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн жарандарына» тиешелүү жана ЕАЭБ мамлекеттеринен келген мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана башка өлкөлөрдөн келген мигранттарды камсыздама системасынан чыгарууну сунуштайт.

Эмгек министрлиги ЕАЭБден келип жарандык-укуктук келишим менен иштеген мигранттарды системада калтырууну сунуштоодо, анткени алардын айлыктарынан салыктар алынууда.

Бирок ошону менен бирге эле эмгек министрлиги мигранттардын үй-бүлөлөрүн ММКдан чыгарууга каршы пикир билдирген эмес.

Медициналык камсыздамадан дагы кимдер пайдалана алышпайт?

Мигранттардын үй-бүлөлөрүнөн тышкары камсыздама системасынан жумушсуз жүргөн орусиялыктар да чыгарылышы ыктымал. Болжолдуу 85 миң орусиялык жумушсуз деп эсептелет. Алардын арасында балдар, пенсионерлер жана майыптар да бар.

Учурда мыйзам долбоору иштелип жатат. Ага ылайык, жүйөсүз себептерден улам жумушсуз жүргөндөр медициналык инфраструктураны пайдаланганы үчүн салык төлөөсү керек болот.

ММК системасына ылайык, иштеп жаткандар өз айлыгынан взнос төлөшөт. Жумушсуздар үчүн алардын аймагы взнос төлөйт.

2016-жылы болжолдуу он аймак «жумушсуз калкы үчүн взнос төлөөдө туруктуу кыйынчылыкка дуушар болгон». Алар кайсы аймактар экенин ССМ тактаган эмес.

ММК системасынан ошондой эле мекеменин эмес, жөнөкөй поликлиникадан пайдаланган аскер кызматкерлерин да чыгаруу сунушталууда. Жөнөкөй поликлиникага кайрылган аскер кызматкерлерине штраф салуу сунуш кылынууда.

Орусиянын жарандарына медициналык кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик кепилдик программасы 2011-жылдан тарта иштей баштаган. Ага ылайык, орусиялыктарга бекер медициналык жардам көрсөтүлөт жана тараган ооруларды поликлиникада же үйдө даарылоо каралган.

Жаңырган жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБ келишими боюнча камсыздама мүмкүнчүлүгүнөн мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү пайдала башташы керек болчу.

ТЕМА БОЮНЧА: