Бир аз эртерээк көрүп алышты: «Шерлок» сериалынын акыркы сериясы дүйнөлүк желеге тарап кетти

«Биринчи каналдагы» расмий премьерасына чейин британ сериалы «Шерлоктун» соңку сериясын интернетке чыгарып салышты. Бул Орусия жана КМШ өлкөлөрүндөгү сериалдын күйөрмандарына расмий көрсөтүлгөнгө чейин эки күн мурда акыркы сериясын көрүп алганга мүмкүнчүлүк түздү.

«Шерлоктун» акыркы сериясы дүйнөлүк желеде «Биринчи каналдын» расмий дубляжы менен бирок логотиби жок пайда болду. Айрым маалыматтарга караганда, сериянын интернетке сызышы анын бир канча жолу премьералык түрдө көрсөтүлүшүнөн улам же BBCнин онлайн-кинотеатрынан чыгып кеткен болушу мүмкүн. Анткени Британ телерадиокорпорациясынын (BBC) каналында тасмалар эфирге чыккандан кийин дароо пайда болот.

sherlock-season-4

«Биринчи каналдын» жана BBCнин өкүлдөрү азырынча серияны ким интернетке чыгарып салышы мүмкүн экени боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Мунун BBC каналынын рейтингине кандай таасир этиши белгисиз. Коомдук тармактарда жазып жатышкандай, 3-сериясын орусча дубляж менен бирок англисче субтитрлери аркылуу көрүп жатышат.

«Шерлок» телесериалы BBC каналынын эфиринде 2010-жылдан бери чыгып, өзүнүн күйөрмандарына ээ болуп келет. Сериалдын арты менен британиялык актёр Бенедикт Камбербэтч белгилүүлүккө жеткен. Ал сериалда «дедукция генийи» болгон башкы каармандын ролун ойнойт. Ошондой эле бул сериал Артур Конан Дойлдун «Шерлок Холмстун окуялары» китебин бестселлерге айланткан.

Сериалдын авторлору Стивен Моффарт менен Марк Гэттис белгилүү детективди адаптациялаштырып, ага заманбап жашоодогу сюжеттерди кошушкан. Ал эми Марк Гэттис болсо «Шерлоктогу» башкы ролдордун бири, Шерлоктун агасы Майкрофт Холмстун ролун да ойногон.

ТЕМА БОЮНЧА: