Алматыда эки киши убактылуу каттоого кезек күтүп жатып жан берди

Алматы шаарынын Калкты тейлөө борборунда (КТБ) 16-январда бир киши убактылуу каттоого кезек күтүп атып жан берди. Бул январь ичинде КТБда кезек күткөндөрдүн экинчи өлүмү.

Сөз болуп жаткан киши жашаган жеринде аялы менен катталышы керек болгон Алматы шаарынын Алатау районунун КТБсында жан берди.

«Жарандар үчүн өкмөт» мамлекеттик корпорациясы маркумдун аты-жөнүн жарыялады — ал 1964-жылы туулган Жарас Кунтаков болуп чыкты.

«09:42де жаран өзүн начар сезе баштады, ага КТБда кезметте турган медициналык кызматкер медициналык жардам көрсөттү. 9:52де тез жардам тобу келди, бирок Жарас Нуркибаевичти сактап калууга мүмкүн болбой калды», — деп айтылат мамлекеттик корпорациянын билдирүүсүндө.

Окуяга күбө болгондор коомдук түйүндөрдө кырсык тууралуу видео таратышты.

Мажилис депутаты Аманжан Жамалов «ал (маркум) өз үйүндө көз жумушу деле мүмкүн болчу» деп эсептейт. Депутаттын пикиринде, КТБдагы адамдын өлүмүн убактылуу каттоого кезек күтүү менен байланыштырган туура эмес.

«Эми өлчү киши өлүптүр, мындай ден соолугу менен ал өз үйүндө деле өлүшү мүмкүн болчу. Билбейм, мен дарыгер эмесмин, — деди депутат. — Мен өзүмдү күнөөлүү сезбейм, анткени биз көп эле мыйзам кабыл алабыз, бул мыйзамды ишке ашыруу негизи зарыл нерсе, ушундай айтайынчы».

Бул каттоого туруш үчүн кезек күткөндөр арасындагы экинчи өлүм.

Алматы облусунун Или районунун КТБсында 11-январда убактылуу каттоого туруш үчүн келген Боралдай кыштагынын 59 жаштагы тургуну көз жумган.

Киши өмүрүн алган окуялардын алдын алыш үчүн «Жарандар үчүн өкмөт» мамлекеттик корпорациясы өнөкөт оорусу бар кишилерге эл көп учурда калкты тейлөө борборлоруна баруудан баш тартууга кеңеш берди.

Алматы заголовок

«Эскерте кетээрибиз, майыптарды жана боюнда бар аялдарды тейлеш үчүн КТБларда жеңилдиги бар терезелер иштейт, ал эми 1 жана 2-даражадагы майыптыгы бар дене мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар КТБ кызматкерлерин 1414 номери менен үйгө чакыра алышат», — деп такталат билдирүүдө.

Милдеттүү убактылуу каттоо жөнүндө мыйзам

Казакстанда милдеттүү убактылуу каттоо жөнүндө мыйзам 7-январдан бери иштейт. Ал боюнча өз аймагынан чыгып кетип башка жерде бир айдан ашык жашаган адамдардын баары барган жеринде убактылуу каттоого турушу керек.

Жаңы эрежелерди бузгандарга полиция адегенде эскертүү берип, андан соң 30 миң теңге (90 доллар) өлчөмүндө штраф салат.

Жаңы эрежелер боюнча ижара берүүчүлөр батирин убактылуу катоодо турбаган адамдарга ижарага бергени үчүн 22 миң теңгедей (болжол менен 67 доллар) штраф төлөшөт.

Казакстандын бийлиги бул мыйзам террорчулук менен күрөш үчүн зарыл экенин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА: