Бишкектин Биринчи май райондук соцфонд бөлүмүнүн кызматкерлери камсыздандыруу полистерин сатуудан дээрлик 10 млн. сомду өз чөнтөктөрүнө салып койгондугун Башкы прокуратура аныктап чыкты.

Башкы прокуратурнын билдиргенине караганда, Соцфонддун кызматкерлери 12 миңге жакын полистерди сатып, түшкөн кирешени өзүлөрүнө калтырып коюшкан.

Жыйынтыгында мамлекетке 9 млн. 980 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.    

Аталган факт боюнча Кыргызстандын кылмыш-жаза Кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу» беренелери боюнча кылмыш иши ачылган.

«Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кызматкерлер 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн же аларга 4 миңден 20 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн. Ал эми экинчи беренеде 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган.

Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Макала даярдалып жаткан учурда Биринчи май Соцфонду менен байланыша албадык.

Сүрөт: «АКИпресс»