Саратовдо минивен менен жүк ташуучу автоунаанын кагылышуусунан улам жети киши курман болду. Алардын арасында Өзбекстандын эки жараны, Тажикстандын бир жараны жана Кыргызстандын төрт жараны бар.

Автокырсык Орусиянын Саратов облусунун Нижний Новгород — Саратов трассасынын 550-чакырымында болгон. Жекшембиге караган түнү 15-январда минивен менен жүк ташуучу автоунаанын кагылышынан улам жети киши курман болду, алардын төртөө кыргызстандык. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

РИА «Новости» маалымат агенттигинин кабарына караганда, чиркемеси бар «Вольво» жүк ташуучу автоунаасынын айдоочусу унаасын башкара албай калып, каршылаш тилкеге чыгып, ал жактан «Тойота» маркасындагы минивен менен кагылышкан. Эки автоунаа тең кюветке түшүп кеткен.

Орусия ИИМинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда жүк ташуучу автоунаанын 32 жаштагы айдоочусу кармалды.

«Күбөлөндүрүүнүн натыйжасында “Вольво” автоунаасынын айдоочусунда мастыктын белгилери байкалган жок. Иликтөө улантылып жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Саратов прокуратурасы кылмыш ишин козгоду

ИИМдин Петров районундагы аймактык бөлүмү кырсык боюнча кылмыш ишин козгоду. Саратов облусунун прокуратурасы аны көзөмөлгө алды.

Саратов облусунун Петров районунун башчысы Денис Фадеев РИА «Новости» агенттигине божомол боюнча жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу уктап кеткен болуш керек деп билдирди.

Түйүндө ошол эле күнү кечинде окуя болгон жерде тартылган видео чыкты.

Видеодо куткаруучулар талкаланган автоунаалардан кишилерди алып чыгып жатканы көрсөтүлгөн.

Курман болгон кыргызстандыктар

Орусиянын ЖМКларынын маалыматы боюнча жалпысынан курман болгон кыргызстандыктар беш киши болгон. Бирок Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги төрт гана кыргызстандыктын атын атады.

  • Алмазбек Анашев , 01.10.1974-жылы туулган, Кыргызстанда жашаган жери: Ош облусунун Өзгөн районунун Красный Маяк айылы;
  • Долатбек Боронов , 15.11.1985-жылы туулган, Кыргызстанда жашаган жери: Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Комсомол айылы;
  • Жазгүл Касымова , 28.12.1983-жылы туулган, Кыргызстанда жашаган жери белгисиз. Орусияда катталган дареги: Москва ш., Вторая Рощинская көч., үй 4;
  • Айдарбек Молдошев, 30.04.1970-жылы туулган («Тойота» автоунаасынын айдоочусу), Кыргызстанда жашаган жери: Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Жаңы-Акман айылы.

Курман болгондордун сөөктөрү Петров райондук ооруканасынын өлүкканасында жатат.

Кырсык болгон жерге Орусиянын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жана Саратов облусундагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жөнөп кетишти.