Дача-Суу айылында кулап түшкөн «Боинг-747» таандык болгон Түркиянын «MyCargo Airlines» компаниясы жабыркагандардын баарына компенсация төлөп берүүгө убада берүүдө. Камсыздамага адамдардын өлүмү да, мүлк жагынан тарткан зыян да кирет.

«ACT Airlines» деген кошумча ат менен да белгилүү болгон «MyCargo Airlines» компаниясынын сайтынын башкы бетине өтөөрдө кара фондо компаниянын каты көрүнөт.

Компания курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, «Боингдин» кулашына байланышкан чыгымдардын баарын камсыздама боюнча төлөп берээрин билдирет.

Мында компания кырсыктын себеби техниканын бузулушуна байланыштуу эмес экенин белгилейт.

«Алдын ала маалыматтарга караганда кырсыкка техникалык себептерге же жүк жүктөөгө байланышкан жагдайлар себеп болбогону түшүнүктүү болуп турат. Окуянын чыныгы себептери сыныктар жана кырсык болгон жер текшерилгенден кийин жарыяланат», — деп айтылат «MyCargo Airlines» компаниясынын билдирүүсүндө.

«MyCargo Airlines» авиакомпаниясынын сайтынын башкы баракчасы.

Учактын кыйрашы боюнча кыргыз тараптан атайын түзүлгөн комиссия, Эл аралык авиациялык комиссия жана Түркиянын Транспорт министрлиги иликтөө жүргүзүп жатышат.

Вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев Кыргызстандын өкмөтү каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 70 миң сомдон төлөп берээрин, ал эми Алмазбек Атамбаев 100 миң сомдон бөлүп берээрин айтты.

«Боинг-747» учагын «Түрк аба жолдору» ижарага алып, ал электроника, чөнтөк телефондорун жана эл керектөөчү товарларды ташып жүргөн.

Ал 16-январда Бишкек убактысы боюнча болжол менен таңкы 7:20да кулап түшкөн. Учак жакынкы Дача-Суу кыштагынын үстүнө кулаган.

1 гектардай аянттагы жерге чачырап кетип, учактын сыныктары ар кандай маалыматтар боюнча 23төн 30га чейинки үйгө зыян келтирген, аларда 60тай киши жашачу.

Азырынча тактала элек божомол боюнча, учактын кулашына учкучтардын катасы себеп болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абулгазиев билдирди. Башка версия боюнча, учак калың тумандын айынан жана айлана-тегерек начар көрүнгөндүктөн кулап түшкөн.

«Кара кутулардын» дагы бири табылды, аны Москвадагы адистер чечмелеп чыгышмакчы.

ТЕМА БОЮНЧА: