АКШнын президенти Барак Обама аскердик талдоочу Челси Мэннингге чыккан өкүмдү жеңилдетти. Талдоочу аял «Викиликс» сайтына жашыруун маалымат берип жүргөнү үчүн 35 жылга кесилген. Эми Мэннинг май айында эркиндикке чыгат.

Мэннингге чыккан өкүмдүн жеңилдетилгени тууралуу 17-январда, президент Обаманын бийлик мөөнөтү бүткөнгө үч күн калганда маалым болду.

Мэннинг 35 жылга эркинен ажыратылган жана 2045-жылы эркиндикке чыкмак. Өкүмдү 7 жылга чейин жумшарткан соң анын чыга турган маалы быйылкы жылдын май айына жылды.

Аны менен кошо Обама 273 кишинин өкүмүн жеңилдетти, алардын 64үнө кечирим берилди. Өз билдирүүсүндө Ак Үй өз мөөнөтүндө Обама кечирим берген айыпкерлердин саны мурдагы 12 президенттин баары биригип кечирим берген кишилерден көп экенин белгилейт.

Камакта отурганда Мэннинг эки жолу өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Миллиардер Дональд Трамп утуп чыккан АКШдагы президенттик шайлоодон кийин ал Обамага кечирим берүү жөнүндө сураныч жөнөткөн.

«Викиликстин» негиздөөчүсү Жулиан Ассанж 2016-жылдын сентябрында эгерде Мэннингге кечирим берилсе ал АКШнын бийлигинин колуна түшүп берээрин айткан. Ассанж өзү акыркы жылдары Эквадордун Лондондогу элчилигинде жашырынып жүрөт. Ал имараттан чыкса эле камакка алынып, АКШнын бийлигине өткөрүлүп берилишинен кооптонот.

Бирок Ассанж өз убадасын аткараар-аткарбасы арсар, анткени техникалык жагынан алганда Мэннингге кечирим берилбей эле, анын мөөнөтү кыскартылган болуп жатат. «Викиликсттин» негиздөөчүсү «Твиттерде» Мэннингди бошотууга үндөгөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирди.

«Викиликстин» баканоозу

Челси Мэннинг (төрөлгөндөгү аты-жөнү — Брэдли Мэннинг) америкалык аскерлердин жана дипломаттардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты «Викиликс» ашкерелөө сайтына берип турган АКШнын аскердик талдоочусу катары белгилүү.

Ал 2010-жылдын майында камакка алынган. Тергөөнүн маалыматына ылайык Мэннинг 2009 жана 2010-жылдары «Викиликске» АКШнын ар кайсы өлкөлөрдөгү элчиликтеринин 250 миң шашылыш маалыматын, ошондой эле Ооганстан менен Ирактагы 500 миңге жакын аскердик баяндамаларды өткөрүп берген.

Эң чоң резонанс жараткан маалыматтын чыгып кетиши 2007-жылдын 12-июлундагы «Коштомо киши өлтүрүү» деген видео болду. Анда эки америкалык тик учак Иракта 12ден 18ге чейинки кишиге ок атканы көрсөтүлгөн, алардын көпчүлүгү көтөрүлүшчүлөргө тиешеси болгон эмес. Курман болгондордун арасында эки журналист жана бир бала болгон.

Видеонун кыскача версиясы:

Жарык көргөн материалдар АКШнын Ооганстан менен Ирактагы аскердик өнөктүгүндө миңдеген жайкын жарандардын курман болушу, ошондой эле айрым авторитардык эл башчыларды каржылык жана идеологиялык жактан колдоо жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Камалгандан үч жыл өткөн соң Мэннингди 35 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыккан. Ал «Викиликске» маалымат ташыганын моюнга алган, бирок бул маалыматтар бийлик айткандай АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирээрине макул болгон эмес.

Кыргызстан тууралуу чыгып кеткен маалыматтар

«Викиликс» чыгарган жашыруун маалыматтын бир бөлүгү Кыргызстанга да тиешелүү болчу. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин дипломатиялык шашылыш маалыматтарынан улам мурдагы элчи Татьяна Гфеллердин жогорку даражалуу аткаминерлери менен болгон жолугушуулары тууралуу маалым болгон.

Жашыруун маалыматтарга караганда, президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылганга чейин АКШнын бийлиги анын уулу Максимди өнөктөш кылса болот деп эсептеген.

«Көрүнүп тургандай, Максим Бакиев өкмөттөгү бир катар саясатчыларга таасири бар. Аны менен мамилени түзүүдө абдан сак болушубуз керек болсо дагы, алар АКШ өкмөтүнө маанилүү пайда алып келиши мүмкүн экенине ишенебиз», — деп жазган ал шашылыш маалыматта мурдагы элчи Гфеллер.

Жарык көргөн материалдардан улам 2009-жылы Американын «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору жабылганы калганы, бирок АКШ бийлиги менен тузүлгөн келишим акчалай жардамдын эсебинен узартылганы белгилүү болгон.

«Викиликстин» Кыргызстан тууралуу ачыкка чыгып кеткен маалыматтары тууралуу ушул шилтемеден окуй аласыздар.