Өкмөт өкүлдөрү «Боинг-747» кулаган жерде жүргүзүлгөн иштер тууралуу айтып беришти. Алардын айтымында, мамлекет башчысы жабыркагандарга жардам берүү жана кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө. Буга чейин президент учак кулагандан кийин элге көрүнбөй койгону үчүн сынга кабыла баштаган.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жана учак кыйраган жердеги иштерге тартылган мекемелердин жетекчилери 19-январда басма сөз жыйынында сөз сүйлөштү. Абулгазиев мамлекет башчысы кырдаалды көзөмөлдөп турганын билдирди.

Мухамметкалый Абулгазиев. Сүрөт: www.gov.kg

«Ал кырдаалдан кабардар болгон. Анан көңүл айтуу болду, бүгүн [президенттен] коомго да, жарандарга да көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык айтылды. Аза күтүү күнү президенттин демилгеси менен жарыяланды», — деди Абулгазиев.

Анын айтымында, президент премьер-министрден кырсык болгон жердеги кырдаал жана жабыркаган жарандардын абалы тууралуу такай маалымат алып турат.

«Сөөк коюуга, сөөк жеткирүүгө байланышкан иштерге жардам берүү — ошонун баары президенттин тапшырмасы менен жасалды […] Ал жакта да бир топ тапшырма берилди, биз аны тез арада аткарышыбыз керек: юридикалык маселелер, социалдык кепилдик маселелери жана жабыркаган жарандардын кызыкчылыгын коргоо маселелери бар», — деди ал.

Кубатбек Боронов. Сүрөт: АКИpress.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов каргаша болгон соң үч сааттан кийин эле президент менен жолугушканын билдирди.

«Коомдук түйүндөрдө көбү аны келбей койду деп жазып жатышат. Бирок силер өзүңөр билесиңер да, ал жакта эч ким жок болчу […]. Мен бир топ тапшырмаларды бердим. Ал маалда өкмөттүк комиссия түзүлүп калган», — деди Боронов.

Коомдук түйүндөрдү колдонгон кыргызстандыктар арасында нааразылык күчөп баратат. Көп кишилер президент Алмазбек Атамбаев кырсыктан кийин бир да жолу элге көрүнбөй койгонуна ачуусу келүүдө.

Парламенттин мурдагы депутат жана укук коргоочу Чолпон Жакупова буга байланыштуу президентти сынга алып, аны «адепсиз» деп атады.

«Боинг-747» жүк ташуучу учагы 16-январда «Манас» аба майданынын жанында таңкы 7:20да кулап түшкөн. Ал Дача-СУ дача кыштагынын үйлөрүн басып калган.

Жүк ташуучу учактын кулашынан улам 38 киши курман болгон. Курман болгондордун көпчүлүгү — жергиликтүү тургундар.

ТЕМА БОЮНЧА: