Милиция кызматкерлери кесиптешине сурактан качууга жардам беришкен. Алар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Прокуратурага кирип барып өз кесиптешин күч менен алып чыгып кеткен Ош облусундагы Алай районунун РИИБнин кызматкерлери ТИЗОго камалды. Милиция кызматкерлери пара алуу боюнча кармалган өз кызматташынын сурагын токтотууга аракет кылышкан болчу.

Милиция кызматкерлери Алай прокуратурасына 30-декабрда кирип барып, коррупция боюнча шектүү өз кесиптешин алып чыгып кетишкен. Суракка жолтоо болгон 20 милиция кызматкеринин ичинен төртөөнө каршы кылмыш иши козголду.

Соттун чечими менен алар тергөө изоляторуна (ТИЗО) камалып, ал жерде алар тергөө бүткүчө болушат.

Кылмыш иши «Кызматтык ыйгарым укугунан ашкере пайдалануу», «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу» жана «Тергөөгө жолтоо кылуу» беренелери боюнча козголду.

Милиция кызматкерлерине 11-январда айып коюлуп, ошол эле күнү алар Алай ТИЗОсуна камалган.

Коюлган айыптардын ар бир беренеси боюнча алар 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Кармалган милиция кызматкерлери бошотуп чыккан тергөөчү ИИМде кызматтан алынды. Алай районунун РИИБнин айрым жетекчилеринин кызматы төмөндөдү.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча алар ИИМ түзүмүндө андан ары иштээр-иштебеси чечилет.

ТЕМА БОЮНЧА: