Кайра көмүлгөн баптист аялдын кызы Жылдыз Азаева бул иш боюнча кармалган үч киши үч жылга шарттуу кесилгенин кабарлады. Анын энеси Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгү үч сыйра көмүлгөн, анткени ал тирүүсүндө христиан-баптист динин кармангандыктан айылдаштары анын мусулман көрүстөнүнө коюлушуна каршы чыгышкан.

Азаева соттолгон жаш балдар «бирөөлөргө курал болуп калды» деп эсептейт. Анын айтымында, анын энесин кайра казып чыгууга 50дөй киши катышкан.

«Казып чыккан балдар гана жазага тартылып калды. Ал жерде калган 40тай киши аксакалдар болчу», — деди ал.

Эми үч жаш жигит укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болот.

«Алар ушул убакыт ичинде башка жакка кете алышпайт. Бир жыл ичинде катаал көзөмөлдө болушат, бир аз эле мыйзам бузса камалат», — деди ал Kloop.kgге.

Буга чейин тергөө мыйзамсыз кайра көмүүгө беш киши катышканын аныктаган. Алар Кылмыш кодексинин «Маркумдардын денесин же алар көмүлгөн жерди мазактоо» беренеси боюнча айыпталышкан, ал үчүн алар эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн болчу.

Азаева жергиликтүү администрация башчысы Сонунбек Акпаралиев жана райондун имамы Шумкарбек Чыналиев жоопко тартылышын талап кылып келген — анын айтымында, аткаминер эч нерсе кылбай койгон, ал эми дин кызматкери айылдагыларды сөөктү кайра көмүүгө «көкүткөн». Ал өзүнүн аткаминерлер боюнча жазган арызы укук коргоо органдарында каралып жатканын айтты.

Дини үчүн кайра көмүү

76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиева 2016-жылдын октябрында көз жумган соң Сары-Талаа айылындагы мусулман көрүстөнүнө анын денесин жергиликтүү тургундар көмдүрбөй коюшкан. Ага Сатыбалдиеванын дини себеп болгон — ал тирүүсүндө христиан-баптист динин карманган.

Маркумдун кызы Жылдыз Азаева энесин жергиликтүү көрүстөнгө коюуга уруксат сурап акимиат менен жергиликтүү мамлекеттик органдарга кайрылып бир нече күн жүргөн. Ал бир тууганы экөө жергиликтүү имамдардын талабы менен айылдаштарынын көзүнчө ислам динин да кабыл алышкан. Ошого карабастан, алардын энесин жергиликтүү көрүстөнгө койдурбай коюшкан.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул боюнча берген комментарийинде 90-жылдары эле чыккан бүтүмгө ылайык ар башка диндин өкүлдөрүн бир көрүстөнгө коюуга болбой тургандыгын түшүндүргөн.

Бүтүмгө ылайык, эгерде мусулман көрүстөнүндө башка диндеги адам көмүлсө, анда маркум мусулмандар кыйналып калышат.

Маркумдун сөөгү үчүн бир жыл мурун башка баптист көмүлгөн коңшулаш Өрүктү айылындагы көрүстөндөн жер бөлүп беришкен. Бирок ал айылдын тургундары да Сатыбалдиеванын сөөгүн көмүүгө тыюу салып, ал коңшулаш Сары-Булак айылында христиан көрүстөнүндө жерге берилген. Бирок ошол эле күнү анын сөөгү христиандардын талабы менен үчүнчү жолу элге айтылбай башка жакта үчүнчү жолу көмүлгөн.

Маркумдун кызынын айтымында, маркумдун үй-бүлөсү аны үчүнчү жолу казып чыгууга уруксат берген эмес.

ТЕМА БОЮНЧА: