«Боинг-747нин» кыйрашы: Жабыркагандар үчүн Алматыдан гуманитардык жүк келди

Бишкекке Алматыдан үч жүк ташыгыч автоунаа гуманитардык жүк менен келди. ӨКМ гумжардамдын бир бөлүгү жабыркагандарга таратылып берилгенин кабарлап жатат.

Гуманитардык жардамдын бир бөлүгү учак кулаганда курман болгондордун жана жабыркагандардын «Семетей» мейманканасында жайгаштырылган үй-бүлөлөрүнө өткөрүлүп берилди. Калган жүк сорттолуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин складдарына жөнөтүлдү.

Жарандык активист Марат Конушалиевдин айтымында, кыргыз тарап унаа бөлүп берип, ал эми тамак-аш, жылуу кийим чогултуу менен Казакстандын активисттери жана жарандык ишмерлери алек болушкан.

«Бизди алматылыктар коштоп жүрүштү, анткени Константин Авершин ага тыйын топтоочу кутучасын бузуп, акчасын өткөрүп берген эки балага жүк жабыркагандардын дал өзүнө жеткирилет деп убада берген. Балдар энесине ичик алып беребиз деп тыйын топтоп жүрүшкөн экен», — деп айтып берди ал.

Активист Казакстан менен Кыргызстандын чек ара кызматтарына чек арадан өтүүдө көрсөткөн жардамы үчүн, ошондой эле ЖМКга жана ӨКМ өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

«Казакстанда бизди жергиликтүү МАИ кызматкерлери кармап алып, килтейген штраф жазып жатышты эле, бирок биз эмне алып баратканыбызды билгенден кийин бизди "кечирип коюшту"», — деп жазат Марат Конушалиев.

Жүктү ӨКМ өкүлдөрү, мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Гуля Алмамбетова жана жергиликтүү активисттер тосуп алышты.

Казак активисттери Кыргызстандагы Дача-Суу кыштагына «Боинг-747» кулап түшкөн соң гуманитардык жардам топтой башташкан.

Учак «Манас» аба майданынын жанындагы үйлөрдүн үстүнө 16-январда кулап түшкөн. Жүк ташуучу учактын кулашынын айынан 38 киши, анын ичинде экипаждын төрт мүчөсү курман болгон.

ТЕМА БОЮНЧА: