Ирандын борборунда өрттүн кесепетинен көп кабаттуу эски үйлөрдүн бири урап түштү. Ондогон адам каза болуп, 20дан ашык өрт өчүрүүчүлөр урандылардын алдында калды. Аларды куткарып калуу иштери эки күндөн бери уланууда.

19-январда 200гө жакын өрт өчүрүүчүлөр Тегерандын көп кабаттуу эски үйлөрүнүн бири — 17 кабаттуу «Пласкодогу» өрттү өчүрүүгө келишкен.

Өрт үйдүн 9-кабатында жергиликтүү убакыт боюнча болжолдуу таңкы саат 9да чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр өрт менен күрөшүп жатканда, ал жогорку кабаттарга да жайылып, имараттын урашына алып келген.

Сүрөт: AFP

Имараттын кулашы 20 өрт өчүрүүчүлөрдүн өлүмүнө алып келди, 25и дагы эле урандылардын алдында калууда. Аларды куткарып калуу аракетинде куткаруучулар эки күндөн бери көп кабаттуу үйдүн урандыларын тазалашууда.

Күбөлөрдүн айтымында, ар-түрдүү офистер, соода борборлору жайгашкан бир кездеги көп кабаттуу үйдүн болгону үч эле кабаты калган.

Сүрөт: EPA.

Өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси, кесиптештерин аман куткарып калуу үмүтү дээрлик жок калганын моюнга алууда.

Урандылардын алдында соода түйүндөрүн ээлери жана жергиликтүү ЖМКлардын эки кабарчысы калгандыгы болжолонууда.

Имарат кулаганда 80ден ашык адам жабыр тарткан, алардын бир бөлүгү ооруканада. Ирандын Улук лидери Аятолла Хаменеи жабыр тарткандар менен кездешип чыкты.

Сүрөт: EPA.

Полиция «Пласкодо» өрттүн чыгышы боюнча иликтөө ишерин баштады. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, имараттардын ээлерине коопсуздук маселеси боюнча бир канча эскертүүлөр берилген.

«Пласкодо» мурда да өрттөр болгон. Имаратта дүкөндөрдөн сырткары кездеме токуу чакан ишканалары да жайгашып, кездемелер тепкичтерге чейин жыйылып турчу. Имаратта да эски болуп учурдагы талаптарга жооп бербейт эле. Ал 1962-жылы курулган.

ТЕМА БОЮНЧА: