«Боинг-747нин» кыйрашы: Компенсация алыш үчүн калп айткан адам кармалды

Бишкекте авиакырсыкта каза болгондордун тууганымын деп өзүн тааныштырып, акчалай компенсация алууга аракет кылган адам кармалды. Ал үй-бүлөсүндө алты адамды жоготконун билдирген. Укук коргоо органдары анын бетин ачып кармашкан.

Kloop.kgнин кабарчылары кармалган адам менен трагедия болгондун эртеси, 17-январда таанышкан. Анда учак кулагандан киийн кырсыктан аман калгандар «Семетей» мейманканасына жайгаштырылып, ал да үй-бүлөсүнөн ажыраганын кекечтенип айтып берген эле.

Өзүн Азамат Иманбеков деп тааныштырган адам трагедияда апасын, эки инисин жана үч карындашын жоготконун жана эң кичүү карындашы болгону бир жашка толгонун айтып берген.

«Адилет, Мээрим, Айсулушка, ал бирге чыкканына эми он күн болгон», — деп айтып берген ал титиреген үндөр менен.

Ал каргашалуу окуя болгон күнү Бишкекте жумуш издеп жүргөнүн айтып журналисттерди ишендирген. Анын айтымында, атасы каза болгондон кийин үй-бүлөсү менен Жети-Өгүздөн Дача-СУга көчүп барышкан.

Аны жабыркаган адам катары пресса менен сүйлөштүрбөй обочолонтуп, ага психологиялык жардам көрсөтүшкөн. Гуманитардык жардам менен эки миң сомду алгандан кийин ал мейманканадан кетип калган.

Бирок кийин анын калпын ыкчам кызматтар ачып чыккан. Бул тууралуу укук коргоо органдары Zanoza маалымат агенттигине айтып беришкен.

Zanoza жазгандай, кармалган адамдын өз аты Кайыпбек Шакеев. Анын бир туугандары жана жакындары каза болгон эмес жана авиа кырсыкка такыр байланыштуу эмес.

Шакеевди убактылуу кармоочу изоляторго киргизишип, ага каршы «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгологон.

ТЕМА БОЮНЧА: