Транспорт министрлиги: Эксперттер кулап түшкөн «Боинг-747нин» «кара кутуларын» чечмелеп чыгышты

Эл аралык авиациялык комитеттин эксперттери кулап түшкөн «Боинг-747нин» «кара кутуларын» чечмелеп чыгышты. Борттогу өзү жазгычтардын маалыматы иликтөө аяктаган соң жарык көрөт.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, иликтөөнүн аяктай турган мөөнөтү азырынча белгисиз.

«Азыркы тапта учактын сыныктары аба майданынын ангарына ташылып жатат. Ал бөлүктөрдөн "Боингдин" макети куралат. Сыныктардын бир бөлүгү АКШга кошумча экспертизага жана кырсыктын себептерин такташ үчүн жөнөтүлөт», — деп билдирди Транспорт министрлиги.

Иликтөөгө «Боинг» компаниясынын, MyCargo авиакомпаниясынын өкүлдөрү жана Түркиянын Окуяларды иликтөө боюнча улуттук кеңешинен келген эксперттер катышууда.

Жүк ташуучу учак «Манас» аба майданынын жанына 16-январда Бишкек убактысы боюнча таңкы 7:20да кулап түшкөн. Ал жакын жайгашкан Дача-СУ кыштагын басып калып, 60тан ашуун киши жашаган 26 үйдү талкалаган.

Жүк ташуучу учактын кулашынын айынан 38 киши курман болгон. Курман болгондордун көпчүлүгү — дача кыштагынын тургундары. Кыштактын дагы бир тургуну катуу күйүктүн айынан 22-январда каза тапты.

ТЕМА БОЮНЧА: