Индиянын, Мьянманын жана Макаонун курама командалары 2019-жылдагы Азия чемпионатына чыгыш үчүн ат салышууда Кыргызстандын командасына атаандаш болушат.

Азия кубогуна тандоочу оюндардын үчүнчү айлампасынын чүчүкулагы 23-январда Абу-Дабиде кармалды.

Азия кубогу — Азия өлкөлөрүнүн курама командаларынын эң абройлуу турнири — 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Кубоктун тарыхында биринчи жолу анын финалдык бөлүгүнө мурдагыдай 16 эмес, 24 курама команда катышат.

Анын шарапаты менен Кыргызстандын Азия кубогуна өтүү мүмкүнчүлүгү абдан чоң, ар бир топтон экиден курама команда өтөөрүн эске алсак андан бетер.

Эгерде команда Кубокко өтө алса, бул кыргыз футболунун тарыхындагы эң көрүнүктүү ийгилик болот — өлкө эгемендик алгандан бери улуттук курама команда ФИФАнын же Азия футбол конфедерациясынын алдыңкы турнирлеринин финалдык бөлүгүнө бир да жолу өтө элек.

Өз тобунда Кыргызстандын курама командасы алдыда деп эсептелет. ФИФАнын рейтингиндеги салыштырмалуу жогорку позициянын аркасы менен Александр Крестининдин командасына чүчүкулак кармоо учурунда артыкчылыктуу биринчи себет туш келди.

Тандоочу оюндардын үчүнчү айлампасы жылы бою созулуп, 2017-жылдын мартынан 2018-жылдын мартына чейин уланат.

Азия кубогунун финалдык бөлүгүнүн катышуучуларынын жарымы эмитен эле белгилүү — 12 курама команда тандоочу оюндардын экинчи айлампасынан кийин мөөнөтүнөн мурда өттү.

Футбол боюнча Азия кубогу, тандоо оюндары, үчүнчү айлампа:

А тобу: Кыргызстан, Индия, Мьянма, Макао
В тобу: КЭДР, Гонконг, Ливан, Малайзия
С тобу: Иордания, Вьетнам, Ооганстан, Камбоджа
D тобу: Оман, Палестина, Мальдив, Бутан
E тобу: Бахрейн, Түркмөнстан, Тайван, Сингапур
F тобу: Филиппин, Тажикстан, Йемен, Непал

Кыргызстан биринчи оюнун жазында эле өткөрөт — 28-мартта команда өз талаасында Макаонун оюнчулары менен беттешет.

Акыркы жолу Кыргызстан 2013-жылы АФКнын Чакырык кубогунда Макаого каршы ойноп, 1:0 эсебинде утуп алган. Сүрөт: Гүлжан Турдубаева/Kloop.kg

Кыргызстандын курама командасынын өткөрө турган матчтарынын ирээти (кожоюндары биринчи көрсөтүлгөн):

Кыргызстан – Макао, 28-март, 2017-жыл
Индия – Кыргызстан, 13-июнь, 2017-жыл
Кыргызстан – Мьянма, 5-сентябрь, 2017-жыл
Мьянма – Кыргызстан, 10-октябрь, 2017-жыл
Макао – Кыргызстан, 14-ноябрь, 2017-жыл
Кыргызстан – Индия, 27-март, 2018-жыл

ТЕМА БОЮНЧА: