Евробиримдиктин расмий өкүлү Кыргызстандан өмүр бою эркинен ажыратууга кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровду кыйноонун далилдерин жакшылап иликтөөнү күтөөрүн билдирди.

Өз билдирүүсүндө ЕБдин өкүлү Кыргызстан «демократияга ыктаганы менен» белгилүү экенин, ошондуктан Евробиримдик укук коргоочунун мамлекет тарабынан адилет соттолушун күтөөрүн айтты.

«Адам укуктары жаатындагы өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин, анын ичинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин пикирин так аткаруу демократияга ыктаганы менен белгилүү жана сыйга татыктуу болгон Кыргыз Республикасынын эл аралык статусун кармап туруш үчүн чоң мааниси бар», — деп айтылат ЕБдин билдирүүсүндө.

Билдирүүдө Кыргызстан мурда Азимжан Аскаровду бошотууга кеңеш берген БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин бардык талаптарын четке какканы баса белгиленет.

Евробиримдиктен тышкары, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хуссейн да билдирүү таратты. Ал Кыргызстанды Аскаровдун ишинде калыстыкка жетиш үчүн «калыс, бейтарап» иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Анын айтымында, бул процесс Кыргызстандын «сот жана укук коргоо системаларындагы кемчиликтерди даана көрсөттү».

Аскаровдун иши

Чүй облустук соту 24-январда Аскаровго карата өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдү күчүндө калтырды жана аны бардык коюлган айыптардын беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Аскаровду 2010-жылы эле өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыккан. Ал «жапырт баш-аламандык уюштуруу», «улут аралык кастыкты козгоо» жана «киши өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча күнөөөлүү деп табылган.

2010-жылдын жайында Аскаров Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык чатак учурунда кармалган. Ал кезде укук коргоо органдары аны милиция кызматкерлери таяк жеп, алардын бири өрттөлүп кеткен Бишкек-Ош жолун тосуунун уюштуруучуларынын бири катары деп билдиришкен.

Укук коргоочунун адвокаттары тергөө анын күнөөсүн далилдей албаганын, ал эми айыптоонун баары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышын Аскаров иликтеген милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө негизделгенин айтып жатышат.

2016-жылы Аскаровду кармоо «мыйзамсыз болгонун», ал эми тергөө кыйноо менен коштолгонун билдирип, Кыргызстандын бийлигин сынга алган БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминен улам сот укук коргоочунун ишин кайра карай баштаган.

БУУнун комитети Кыргызстанга Аскаровду бошотууга кеңеш берген.

ТЕМА БОЮНЧА: