Кыргызстандын элчиси Ибрагим Жунусов Түркиянын вице-премьер-министри Тугрул Түркеш менен жолугушту. Ал кыргызстандыктардын террордук чабуулдарга катышуусу тууралуу түрк басма сөзүндөгү «туура эмес» маалыматтарга нааразы экенин билдирди.

Жолугушууда Жунусов Түркешке кыргызстандыктардын террордук чабуулга катышуусу тууралуу түрк басма сөзүндөгү «эч нерсе менен далилденбеген» кабарлар эки өлкө ортосундагы мамилеге «терс» таасир этип жатканын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын элчилиги ири түрк басылмаларынан «туура эмес» маалыматты төгүнгө чыгарууну талап кылды.

«Элчилик Түркиянын эң ири маалымат агенттиктерине негизсиз маалыматты жокко чыгарууну талап кылып тиешелүү кат жөнөттү», — деп билдирди ал.

Стамбулдун «Рейна» түнкү клубунда жаңы жылга караган түнү болгон чабуулдан кийин Түркиянын полициясы 39 адамды атып салган киши өлтүргүчтү табууга аракет кылган.

Ал кезде ВВСнин түрк бөлүмү жана «Haber Turk» маалымат каражаты «Ихлас» маалымат агенттигинин кабарына таянуу менен Стамбулдагы террордук чабуулдун аткаруучусу Кыргызстандан келгенин кабарлашкан.

Шектүү жарандын паспортунун сүрөтү Түркиянын мамлекеттик TRT World телеканалынан көрсөтүлгөн — террордук чабуулга жооптуу катары 28 жаштагы кыргызстандык Яхье Машраповдун аты аталган.

Кийинчерээк Машрапов өзү да, эки өлкөнүн бийлиги да бул маалыматты жокко чыгарышкан. Кыргызстандын жараны түрк полициясы аны террорчуга окшоштуруп чын эле суракка алганын, бирок кийин кечирим сурап кое бергенин айткан.

Эки жумадан кийин күч органдарынын кызматкерлери Өзбекстандын жараны Абдулгадир Машариповду колго түшүрүшкөн. Анын манжаларынын издери полициядагысы менен дал келген.

Ошондо эле түрк полициясы Машарипов Кыргызстандан барган досунун үйүндө камакка алынганын кабарлаган. Бирок кийинчерээк укук коргоо органдары ал маалыматты жаңыртып, шектүү киши Кыргызстандан эмес, Ирактан барган досунун үйүндө кармалганын билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА: