Америкалык киноакадемия жылда өтүүчү «Оскар» сыйлыгына талапкерлерди атады. Көрсөтүлүүлөрдүн саны боюнча Дэмьен Шазеллдин «Ла Ла Лэнд» мюзикли бардыгынан алдыга озуп чыкты — ал 13 «Оскарга» ат салышмакчы.

«Ла Ла Лэнд» 13 «Оскар» сыйлыгына ат салышат, анын ичинде мыкты тасма сыйлыгы үчүн да. Буга чейин Дэмьена Шазеллдин мюзикли «Алтын глобуста» эң көп — 7 сыйлык алып рекорд койгон болчу.

«Мыкты тасма» сыйлыгын алууга талапкерлердин катарында «Ла Ла Лэндден» («La La Land») сырткары дагы сегиз тасма аталууда:

  • «Арстан» («Lion»), 2016-жылдын 10-сентябры;
  • «Баасына карабай» («Hell or High Water»), 2016-жылдын 16-майы;
  • «Деңиздин жээгиндеги Манчестер» («Manchester by the Sea»), 2017-жылдын 23-январы;
  • «Ай нуру» («Moonlight»), 2016-жылдын 2-сентябры;
  • «Келүү» («Arrival»), 2016-жылдын 1-сентябры;
  • «Ыйманга жараша» («Hacksaw Ridge»), 2016-жылдын 4-сентябры;
  • «Дубалдар» («Fences»), 2016-жылдын 16-декабры;
  • «Жашырылган фигуралар» («Hidden Figures»), 2016-жылдын 25-декабры.

Шазелл өзү ошондой эле «Мыкты режиссёр» сыйлыгына да ат салышат. Ага атаандаштардын катарында «Келүү», «Ыйманга жараша», «Деңиздин жээгиндеги Манчестер» жана «Ай нуру» тасмаларынын режиссёрлору бар.

Мыкты актёр наамы үчүн «Оскарга» ат салыша тургандар:

  • Дензел Вашингтон, «Дубалдар»;
  • Эндрю Гарфилд, «Ыйманга жараша»;
  • Вигго Мортенсен, «Капитан Фантастик» («Captain Fantastic»);
  • Райан Гослинг, «Ла Ла Лэнд»;
  • Кейси Аффлек, «Деңиз боюндагы Манчестер».

Ал эми аялдардын мыкты ролу үчүн талапкерлер:

  • Мэрил Стрип, «Флоренс Фостер Женкинс» («Florence Foster Jenkins»);
  • Натали Портман, «Жеки» («Jackie»);
  • Эмма Стоун, «Ла Ла Лэнд»;
  • Рут Негга, «Лавинг» («Loving»);
  • Изабель Юппер, «Ал» («Elle»).
ТЕМА БОЮНЧА: