Арыктоо тууралуу буйругун Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода чыгарды. Эми тажик милиционерлери жумушунан ажырап калбашы үчүн ашык салмактары менен күрөшүүлөрү керек болот.

Рахимзоданын пикири боюнча, укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин ашык салмакта болушу алардын ишмердүүлүгүнө залакасын тийгизет.

«Кызматкер семирип алды, […] ал көп жеп, аз кыймылдайт. Муну менен бир нерсе кылыш керек, кандайдыр бир чара көрүш керек, болбосо ал семиргени семире берет, а бул анын ишинин сапатына терс таасирин тийгизет», — деп эсептейт тажик министри.

Министрди айтымында, өлкөнүн көп милиционерлеринде ашык салмактуулук байкалат, бул бой жана салмак боюнча эл аралык талаптарга туура келбейт. Милиционелердин ашык килограммдарын ал «нормадан чегинүү» деп баалады.

Министрдин буйругу боюнча, мындан ары норма деп «бойдун узундугу 168-170 сантиметр, ал эми салмактын 75 килограммдан ашык болбогондугу» эсептелмекчи.

Милиция кызматкерлеринин арыкташын атайы түзүлгөн комитет көзөмөлдөп турат.

Тажикстан ИИМинин бир кызматкери РИА-Новости басылмасына берген интервьюсунда, буйрук чыгары менен көптөгөн милиционерлер кросс чуркап, сууда сүзүү менен машыга баштагандарын айтат.

«Азырынча биз кандай болуш керек экендигибиз тууралуу так параметрлерди эч ким айта элек, бирок кызматкерлердин 50 пайызынан көбүрөгү беш-он килограммга арыкташты», — дейт ал.

Тажикстан ИИМинин басма сөз кызматы, милиционерлер Рахимзодадан үлгү алышы керек дейт. Алардын билдирүүсүндө, министр шахматты «мыкты» ойнойт жана футболдо да жакшы өнөр көргөзө алат.

Бирок милиционерлердин ишке жөңдөмдүүлүгүнүн төмөндүгү ашык салмагына байланыштуу деген пикир менен бардыгы эле макул эмес.

«Ашык салмактуулук менен, ооба, сөзсүз күрөшүш керек, бирок ИИМ кызматкерлеринин начар эффективдүүлүгүн ашык салмак менен гана байланыштыруу туура эмес. Семирүү боордун, жүрөк-кан системасынын иштешине, кыймалдап басууга терс залакасын тийгизиши мүмкүн, а бирок мээнин иштеши жана адамдын ишке жөндөмдүүлүгү ага эч бир көз каранды эмес», — дейт доктор Абдулло Давлатов.

Мурдагы совет өлкөлөрүнүн арасында калкынын семиздиги боюнча Тажикстан акыркы орунда турат. Андан жогорурак орунда Кыргызстан менен Өзбекстан жайгашкан.

Соавтор: Айдар Айбеков
Сүрөт: fergana.ru

ТЕМА БОЮНЧА: