14-январда көптөгөн ЖМКлар ИИМден соттолуп-соттолбогондугу тууралуу аныктаманы алыш үчүн арызды атайы ачылган интернет-порталда калтырса болот деп жазышканда, мен, албетте, кубанган элем. Жок, бул аныктама адамдарга ушунчалык эле зарыл болгондугу үчүн деле эмес, мамлекет жөнөкөй жарандарынын жашоосунун ыңгайлуулугу тууралуу кам көргөнү — бул прогресске карата кадам эле.

Колонканын автору: Kloop.kgнын журналисти Анна Лелик.

Ким эле бюрократияны жакшы көрсүн — кезектер, толтура кагаздар, бир кабинеттен экинчи кабинетке чуркамай — буга толтура убакыт кетет. Ошондуктан, менин пикиримде, убакытты үнөмдөш үчүн, кезектерде турбаш үчүн же мүмкүнчүлүк болсо маморгандарга барбаш үчүн, көрсөтүлгөн «тез мөөнөттүү» кызматтарга, мейли мамлекеттик да болсун, кошумча акча төлөгөнгө макулмун. Бул жерде кеп «батырак бүтүрүш үчүн» берилген пара тууралуу эмес, касса аркылуу төлөнө турган расмий төлөмдөр тууралуу болуп жатат.

Албетте, бул аныктама керек болуп калганда, мен биринчи кезекте баягы мамкызматтардын порталын издей баштадым.

Бир карасаң, көп деле нерсе талап кылынбайт — сайтка кирүү, керектүү кызматты тандоо, минималдуу маалыматтарды — аты-жөнүңдү, СЖНди (ИНН, аны азыр ПИН деп да атап жүрүшөт) жана телефон номуруңду — киргизүү. Эң сонун. Ашыкча эч нерсе жок.

Киргизилген маалыматтарды жиберип, төлөмдүн кодун алабыз. Порталдагы маалыматка ишенсем, кызмат үчүн талап кылынган 230 сомду төлөөрүм менен даяр аныктаманы ала турган жердин дареги бар СМС менин телефонума жиберилмекчи.

Мына так ушул жерде адамды тозокко салган бюрократия башталат.

«Төлөм кылуунун жолдору» деген жерде Quick Payдин кызыл терминалынын кичинекей сүрөтү тартылып, кызмат үчүн акыны ушул компаниянын аппараттары аркылуу төлөсө болору жазылган.

«Кадимки эле терминал экен» деп, Quick Payдин терминалдары тууралуу картаны издей баштадым. Алардын бири Горький көчөсүндөгү «Таш Рабатта» экен. Ал аймакта мен бирөө менен жолугушушум керек болгондуктан, бул вариант мага ыңгайлуу болчу.

«Таш Рабатка» келип, терминалды таптым да керектүү кызматты издей баштадым. Көп убакыттан кийин ИИМдин мага керектүү кызматы аппаратта жок экенин түшүндүм. Мамкызматтар сайтында көрсөтүлгөн 0312 60-24-04 номуруна чалдым. Иштебейт экен. Чогуу иштегендериме кайрылып, шаардык телефондордон чалып көрүүлөрүн өтүндүм — номур баягыдай эле «бош эмес».

Quick Payдин өзүнө чалдым. Бул компаниядан берген маалымат боюнча, мага керектүү кызмат айрым гана терминалдарда жеткиликтүү болуп чыкты, ал эми алар тууралуу маалымат алышым үчүн ИИМге кайрылышым керек экен.

Мен ИИМге жөнөдүм. Маалымат алыш үчүн маморгандарга көп деле кайрылбагандыгыман, Тыныстанов/Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги коомдук кабылдама бардым.

Бирок коомдук кабылдама түшкө чейин гана иштейт экен. Жанындагы КППдагы формачан адамдан төлөм кылыш үчүн мага керектүү терминалды кайдан тапсам болот деп сурадым. Анын айтымында, андай терминал жалгыз гана — сюрприз! — Раззаков 63төгү аныктамаларды берген кабинетте экен.

Башкача айтканда, арызды интернет аркылуу берип, аягында баягы эле кагаз түрүндө аныктаманы ала турган жерге келесиң, Карл!

Формачан адам арыздар 8:30дан 12:00гө чейин кабыл алынарын маалымдап, бүгүн мага керек терминал жайгашкан кабинетке кире албасымды билдирди. Кааласам «убакытты үнөмдөш үчүн» ага өзүм тууралуу маалыматтарды калтырып койсом, эртең аныктаманы анын өзүнөн алып кетсем болоорун айтты. Бирок мындай кызматы үчүн 230 сомдун ордуна 500 сом төлөшүм керек экен.

Бул расмий эмес түрдөгү кызмат тууралуу кеп болуп жатканын бардыгы эле түшүндү окшойт. Анын сунушуна макул болбостугумду сездиби, бюрократияга убакыт коротпой, бардыгын бат жасатып алганга көңдүргөнү аракеттенди. Мен макул болбодум, бирок менин баамымда мындай сунуштар менен ал көп эле адамдарга кайрылат окшойт.

Бүгүн аныктаманы алалбстыгыма көзүм жетсе дагы, коомдук кабылдамадан эки көчө ары турган Раззаков 63төгү маалыматтык борборго жөнөдүм.

Биринчи кабаттын коридорунда кызматкерлердин түшкү тамактануудан келишин күтүп турган бир жаш жигитти көрдүм. Ал мага окшоп «сыйкырдуу» терминалды издеп, бул жерге келген экен. Ал Бишкекке Таластан келиптир. Анын сөзү боюнча, мындай аныктаманы же борбордон, же Оштон гана алса болот экен. Ал керектүү төлөмдү жасагандан кийин аныктаманы Таласка жиберишет деген үмүттө арызды электрондук түрдө берген экен. Ал төлөмдү банк аркылуу да жасаганга аракет кылганын айтты, бирок арыз интернет аркылуу берилгендиктен, банк төлөмдү кабыл албай койгон. Кызматкерлерди күтүп тажаганыбыздан кийин эмки күнү келүүнү чечтик.

Бул жерде сумманын өлчөмү да ойлондурбай койбойт. Аныктаманы бир суткада алыш үчүн — 230 сом төлөш керек — кайрымы жок төлөш үчүн адамдын колунда майда купюралар менен 150 жана 80 сом болушу зарыл. Адамдын колунда, мисалы, 200 сомдук кагаз болуп калса, анда 20 сомго чейин ашык төлөөгө аргасыз болот — терминал кайрымдарды бербейт.

Адамдарды ары-бери чуркатпаш үчүн, эмне үчүн бардык маалыматтарды интернетте бир жерде берип койсо болбойт? Бирок ИИМдин расмий сайты документтерди кабыл алуу убактысы тууралуу эч бир маалыматтарды бербейт, дароо эле мамкызматтар порталына жиберет, ал жерде да мындай маалыматтарды табалбайсың, иштебеген телефондун номуру гана көрсөтүлгөн.

Кыргызстандыктардын ыңгайлуулугу үчүн деп жасалган эффективдүү кызматтын ордуна, кантип төлөсөм болот деген табышмакты эки саат чечүүгө туура келди. Муну ыңгайлуулук деп айталабайсың. Баарынан кызыгы, көнүмүш жолду колдонуп кагаз түрүндө арыз жазып калтырсам, бир кыйла жеңилирээк болмок. Ушуга байланыштуу маселе жаралат — эмне үчүн мамлекет сапаттуу кызматтарды көрсөтүмүш болуп салыктөлөөчүлөрдү алдайт, жаңы кызматтар иш жүзүндө мурдагыдан да аша түшкөн бюрократиялуу болуп жатпайбы?

ТЕМА БОЮНЧА: